"Формула-1" жарышынын конокторуна кыргыз маданияты көрсөтүлөт

Коом Жүктөлүүдө... 01 Август 2026 11:45
сс.webp
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 01.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө өтүп жаткан суудагы “Формула-1” мелдеши Кыргызстандын эл аралык имиджин бекемдөө үчүн маанилүү окуяга айланды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, бул деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү укугу биринчи кезекте инфраструктура жана уюштуруу жагынан эл аралык талаптарга жооп берген өлкөлөргө гана берилет.

"Бул деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү милдети Кыргызстанга ишенип тапшырылганы биздин эл аралык спорттук иш-чараларды уюштурууга даярдыгыбызды айгинелейт. Керектүү инфраструктураны түзүүдөн тартып мелдешти уюштурууга чейин даярдыктар үч-төрт айга созулду", - деди Надырбеков.

Ал белгилегендей, ачылыш аземи Кыргызстандын президенти жана дагы төрт мамлекеттин башчыларынын катышуусунда өтөт. Расмий аземден кийин суудагы “Формула-1” жарышына башталат, ал эми кечинде, саат 18:00дө коноктор үчүн жергиликтүү жана эл аралык артисттердин катышуусундагы концерт болот.

Министрдин орун басары ошондой эле уюштуруучулар конокторду кыргыз маданиятынын элементтери менен тааныштыруу үчүн аракет кылып жатышканын айтты. Тактап айтканда, расмий делегациялар үчүн кыргыз боз үйү тигилген, анда алар иш-чарага чейин кыргыз элинин меймандостугу менен тааныша алышат.

Мындан тышкары, мелдеш үчүн жалпысынан 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган трибуналар сатылып алынган. Алардын айрымдары учурда Ысык-Көлдөгү фан-зонада жайгашкан, ал эми иш-чарадан кийин курулмалар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда колдонулат.