Филиппиндеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны 26га жетти

Дүйнө Загрузка... 01 Октябрь 2025 08:50
13ce5d8c-0f07-4966-864d-4de491de5087.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.25 /Кабар/. Филиппиндин Себу провинциясынын жээгинде болгон жер титирөөдөн улам каза болгондордун саны 26га жетип, 147 адам жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматта белгиленгендей, АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) билдирүүсү боюнча күчү 6,9 баллдык жер титирөө Калапе муниципалитетинен 11 чакырым аралыкта катталган. Ошол эле күнү Либертад шаарында да күчү 5,0 баллдык кайталанма жер титирөө сезилген.