Филиппиндеги табигый кырсыктан 2 миллиондон ашык адам жабыркады

Дүйнө 15 11 Август 2026 13:50
ahFBWR13hFj4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Филиппинде тропикалык Луис жана Маймай циклондорунан жана түштүк-батыш муссондун күчөшүнөн улам нөшөрлөгөн жаан жаап, анын кесепетинен 2,27 миллиондон ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу ТАСС Филиппиндин Жарандык коргонуу башкармалыгына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктан кеминде 19 адам каза болгон. Алар өлкөнүн түндүгүндөгү Бенгет, Рисаль жана Батангас провинцияларында катталган.

Каза болгондордун көбү Бенгетте жер көчкүдөн улам көз жумган.

Дагы төрт адам дайынсыз болууда, 15 тургун ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

Белгиленгендей, аба ырайынын начардыгы өлкөнүн 10 аймагын, анын ичинде Манила борбордук аймагын камтыды. 95 миңге жакын адам эвакуацияланып, 919 убактылуу жайгаштыруу борборуна көчүрүлдү.