Филиппинде тайфундардан каза болгондордун саны 300гө жакындады

Дүйнө Загрузка... 18 Ноябрь 2025 17:45
WhatsApp Image 2025-11-18 at 10.07.17 (1).jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Филиппинде ноябрь айынын биринчи жарымында болгон “Калмаэги” жана “Фунг-Вонг” тайфундарынан каза болгондордун саны 297 адамга жетти. Бул тууралуу PNA агенттигине таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, “Калмаэги” тайфунунан өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Себу аралынын 269 тургуну каза тапкан. Ал эми “Фунг-Вонг” тайфуну 9 провинциядан 28 адамдын өмүрүн алган. Ошондой эле жалпысынан алганда, 575 адам жаракат алып, 115 адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө.

“Калмаэги” тайфуну Себу аралынын шаарларын катуу жабыркатып, нөшөрлөгөн жаан көчөлөрдү суу алдында калтырган. 53 калктуу конушта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Андай кийин өлкөнү “Фунг-Вонг” супер тайфуну каптап, 1,4 миллиондон ашык жаран эвакуацияланган. Шамалдын кесепетинен электр линиялары жабыркап, 12 аймакта 3 миллионго жакын абонент жарыксыз калган.