Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Филиппинде 114 адамдын өмүрүн алган "Калмаэги" тайфуну күн мурун Вьетнамга жетти, деп VnExpress билдиргенин Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, Зялай жана Даклак провинцияларында шамалдын ылдамдыгы саатына 149 чакырымга жетти.
Вьетнам бийлиги өлкөнүн борбордук бөлүгүнөн 530 миңден ашык адамды эвакуациялады. Катуу шамал бак-дарактарды кулатып, көптөгөн имараттардын чатырларын учуруп кетти. Зялай провинциясында 200 миңге жакын адам жарыксыз калды.
Издөө-куткаруу иштерине 260 миңден ашык аскер кызматкери тартылды.
Мындан тышкары, алты аэропортту жабуу чечими кабыл алынды. Бул жүздөгөн каттамдарга таасир тийгизет деп күтүлүүдө.
Жергиликтүү метеорологиялык кызматтар жети шаар жана провинцияда суу ташкыны жана жер көчкү коркунучу жөнүндө эскертти.