Бишкек 24.06.25 /Кабар/. Филиппин деңизинде, Минданао аралынын чыгыш жээгинде күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын геофизикалык кызматына таянып Интерфакс жазды.
Оперативдүү маалыматтарга ылайык, жер титирөөнүн очогу Минданао аралындагы Бислиг шаарынан 390 чакырым чыгышты көздөй жайгашкан. Эпицентрдеги силкинүү кыйратуучу деп бааланууда.
Ал эми Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору жер титирөөнүн күчүн 6,3 балл деп көрсөткөн. Алардын маалыматына ылайык, зилзаланын очогу 10 чакырым тереңдикте орун алган.
Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу расмий маалымат каттала элек.