FIFA футболду өнүктүрүүгө 6,35 млрд доллар бөлүүнү пландоодо

Спорт 15 октябрь 2026 10:20
FIFA футболду өнүктүрүүгө 6,35 млрд доллар бөлүүнү пландоодо

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) алдыдагы төрт жылдык мөөнөттө футболду өнүктүрүү үчүн улуттук футбол ассоциацияларына 25 млн доллардан бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу Казинформ билдирди.

Сунушталган программанын жалпы көлөмү 6,35 млрд долларды түзүшү мүмкүн. Бул FIFAга мүчө болгон 211 улуттук ассоциациянын ар бирине төрт жыл ичинде 10 млн доллардан бөлүү каралган алгачкы пландан кыйла көп.

FIFA президенти Джанни Инфантино алты континенттик футбол конфедерациясынын жетекчилерине кат жөнөткөн. Уюмдун кеңеши программанын акыркы долбоорун декабрда даярдап, аны келерки жылдын март айында өтө турган конгрессте бекитиши мүмкүн.

Федерация дүйнө чемпионатынан түшкөн кирешенин бир бөлүгүн улуттук ассоциациялар менен континенттик конфедерациялардын футболду өнүктүрүү иштерине багыттоону көздөөдө. Анын ичинде 3,5 млрд доллардан ашык каражат 48 улуттук курама команда катышкан 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын каржылык ийгилигинен улам көбөйгөн резервдерден бөлүнүшү мүмкүн.

FIFA 2022–2026-жылдарды камтыган төрт жылдык циклдеги жалпы кирешеси болжол менен 15 млрд долларга жетет деп күтүүдө. Бул мурдагы божомолдордон кыйла жогору.

Азырынча сунуш расмий бекитиле элек. Каражаттын акыркы көлөмү жана аны бөлүштүрүү тартиби уюмдун жетекчи органдары тарабынан аныкталат.