Дүйнө чемпионаты – 2026: ФИФА расмий плакатын жарыялады

Спорт 04 Март 2026 09:10
5b909ad9-8160-47e6-a550-617c9aadac31.jpeg
ce9bc7ad-3f02-492f-a214-39da6257ea64.jpeg
Алдыга
Артка
5b909ad9-8160-47e6-a550-617c9aadac31.jpeg
ce9bc7ad-3f02-492f-a214-39da6257ea64.jpeg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) АКШ, Канада жана Мексикада 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын расмий плакатын жарыялады.

ФИФАнын билдирүүсүндө белгиленгендей, турнирдин тарыхында биринчи жолу плакаттын үстүндө кожоюн өлкөлөрдүн атынан үч сүрөтчү иштеген: Карсон Тинг (Канада), Минерва GM (Мексика) жана Хэнк Уиллис Томас (АКШ).

"Турнирдин расмий плакаты бул уникалдуу учурдун кызматташуу рухун, толкундануусун жана биримдигин даңазалайт", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2026-жылкы дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин өтөт. Футбол сүйүүчүлөрүнүн бүйүрүн кызыткан бул ири мелдешке туура 100 күн калды. Турнирге 48 команда катышып, жалпысынан 104 беттеш өткөрүлөт. Оюндар 11-июнда Мехико шаарында башталып, 19-июлда Нью-Йорктогу (Нью-Жерси) финалдык беттеш менен жыйынтыкталат.