ФИФА эксперти адистерге келечектүү футболчуларды аныктоону үйрөтүүдө

Спорт 24 Март 2026 09:45
657472605_1404887901681596_7290733059575419396_n.jpg
657621977_1404887945014925_5410872200375796328_n.jpg
656462172_1404888035014916_6923208043247218119_n.jpg
656720613_1404887971681589_3643241193174651049_n.jpg
656753116_1404887918348261_3021622630991199200_n.jpg
656847848_1404887905014929_9213969138007318283_n.jpg
656880237_1404887928348260_1483112612330692392_n.jpg
657051010_1404887898348263_4992036888789750510_n.jpg
657384673_1404887911681595_7959035505857707017_n.jpg
657492465_1404887915014928_2439725382260421103_n.jpg
658036559_1404887908348262_6470115805713983077_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Кыргыз футбол биримдигинде ФИФА эксперти Ричард Аллендин катышуусунда скаутинг боюнча семинар өтүп жатат.

Биримдиктен билдиришкендей, семинарда катышуучулар оюнчуларды издеп табуу жана баалоо боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүп, беттештерди талдоо жана келечеги бар футболчуларды аныктоо боюнча практикалык билим алышууда.

Ошондой эле программада Talents Cup турниринин беттештерин көрүү жана адистер менен суроо-жооп форматындагы индивидуалдык иштер каралган.

"Бул семинар ата мекендик адистердин квалификациясын жогорулатууга жана Кыргызстанда футболчуларды тандоо системасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот", — деп айтылат маалыматта.

Семинардын башкы инструктору Ричард Аллен — скаутинг жана таланттарды аныктоо боюнча англиялык адис, ФИФАнын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча эксперт. Ал "РБ Лейпциг", "Куинз Парк Рейнджерс", "Тоттенхэм" сыяктуу бир катар клубдарда скаут катары иштеген тажрыйбага ээ.

Белгиленгендей, 22-мартта башталган семинар 25-мартка чейин уланмакчы.

Скаутинг — бул таланттуу оюнчуларды издөө, алардын оюнуна көз салуу жана деталдуу талдоо жүргүзүү процесси.