Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Ferrari компаниясынын башчысы Джон Элканн Италия бийлиги менен салык чыры боюнча келишимге келди. Бул тууралуу Kazinform жазды.
Маалыматка ылайык, Италиянын прокурорлору Элканндардын үй-бүлөсү салык төлөөдөн качууга аракет кылганын аныкташкан. Алар 1 миллиард еврого жакын активдерге жана 248,5 миллион евро кирешеге салык төлөбөй коюу максатында чоң энесинин Швейцариянын салык резиденти катары көрсөтүүгө аракет жасашкан.
Бирок бул аракет ийгиликсиз болгон. Натыйжада, үй-бүлө Италиянын салык органдарына 183 миллион евро төлөөгө милдеттүү болду.
Мындан тышкары, Джон Элканн коомдук иштерде бир жыл эмгектенүүгө тийиш болот. Ал көчө тазалагыч же карылар үйүндө жардамчы болуп иштеши мүмкүн.
Анын бир тууган агасы жана карындашы болсо, айып пул менен гана чектелишкен.
Джон Элканн — атактуу Джанни Аньеллинин небереси. Аньелли Fiat компаниясын чакан ишканадан дүйнөлүк өнөр жай гигантына айландырган. Элканндардын үй-бүлөсү Ferrari, Stellantis, Juventus жана башка ири компаниялардын ээси болуп саналат.