Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда асыл тукум чарба статусун алуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, муну менен катар республика боюнча буга чейин асыл тукум статусуна ээ болгон чарбалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлөт. Ошондой эле бул статусту жаңыдан алууну каалаган чарбаларда белгиленген талаптарга ылайык изилдөө жана баалоо иштери жүрөт.
Мониторингдин жана изилдөөнүн негизги максаты — асыл тукум чарбалардын ишмердүүлүгүнүн абалын баалоо, белгиленген талаптардын аткарылышын текшерүү жана өлкөдө асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу асыл тукум чарба статусун алууну каалаган фермерлер жана чарба жетекчилери тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылуусу зарыл.