Өмүрдү тобокелге салбаңыз! ЖКККББ айдоочуларга кайрылды

Коом

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Мекемеден белгилешкендей, ылдамдыкты ашыруу жана каршы тилкеге чыгуу — оор жол кырсыктарына алып келүүчү эң кооптуу аракеттердин бири.

"Жол тескөөчүлөр тарабынан түзүлгөн протоколду жөн гана айып пул катары кабыл албаңыздар. Бул — мыйзам бузуунун алдын алууга, сиздин жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүн сактоого багытталган эскертүү.
Бир мүнөт эрте жетем деп, өмүрүңүздү тобокелге салбаңыз! Жай айдаңыз! Жол эрежесин сактаңыз! Үй-бүлөңүз сизди күтүп жатат!"- айтылат маалыматта.