Бишкек, 17.05.26./Кабар/. Австриянын борбору Венада өткөн “Евровидение-2026” эл аралык музыкалык сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Бул жылы сынакта биринчи орунду Болгариянын өкүлү, ырчы Дара ээлеп, “Бангаранга” аттуу ыры менен тарыхта биринчи жолу Болгарияга жеңиш алып келди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.
Анда белгиленгендей, жалпы калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Израилдин ырчысы Ноам Беттан “Мишель” ыры менен экинчи орунду ээледи. Ал эми үчүнчү орун Румыниянын өкүлү Александра Кэпитэнескуга буюруп, ал “Choke Me” аттуу чыгармасын аткарды.
Белгилей кетсек, “Евровидение-2026” сынагы Австриянын борбору Вена шаарында өттү. Бул эл аралык музыкалык мелдеш жыл сайын өткөрүлүп келет.
Эскерте кетсек, 2025-жылы сынакты австриялык ырчы Йоханнес Питч жеңип, ал ”Wasted Love” ыры менен баш байгени багындырган.