Бишкек, 26.06.26 /Кабар/. Францияда акыркы үч күн — шейшемби, шаршемби жана бейшемби өлкөнүн тарыхындагы эң ысык күндөр катары катталды. Бул тууралуу Интерфакс билдирет.
Маалыматка ылайык, айрым аймактарда абанын температурасы 43,2 градуска чейин жетти. Өзгөчө ысык Мен жана Луара, Ланды, Шер жана Париж аймагындагы Ивелин департаменттеринде байкалууда.
Күчтүү аптапка байланыштуу Франциянын 96 департаментинин 72синде эң жогорку — кызыл деңгээлдеги аба ырайы боюнча кооптуу эскертүү жарыяланды. Жума күнү мындай эскертүү 61 департаментте күчүндө болот.
Өлкөнүн Билим берүү министрлиги 3,5 миң мектеп убактылуу жабылганын, дагы 10 миңге жакын билим берүү мекемеси сабактардын убактысын өзгөрткөнүн же окуучуларды салкын жайларга көчүргөнүн билдирди.
Ошондой эле бир катар аймактарда токой өрттөрү коркунучу өтө жогору экени эскертилди.
Парижде жума күнү кечки саат 18:00дөн тартып алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды. Ал эми коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүүгө түшкү саат 12:00дөн баштап уруксат берилбейт. Бийлик мындай чаралар аптапта адамдардын ден соолугун коргоо жана медициналык кызматтарга түшкөн жүктү азайтуу үчүн кабыл алынганын билдирди.
Франциядан тышкары дагы бир катар Европа өлкөлөрү аптаптан жабыркоодо. Улуу Британияда июнь айы үчүн рекорддук 35,7 градус температура катталса, Швейцариянын Базель шаарында аба 38 градуска чейин ысып, 80 жылдан берки рекорд жаңырды. Нидерландда болсо тарыхта биринчи жолу өлкөнүн көпчүлүк аймагына экстремалдуу ысык боюнча “кызыл” деңгээлдеги эскертүү жарыяланды.