Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. 12-августтун кечинде Жердин түндүк жарым шарында толук Күн тутулуу болду. Бул көрүнүш Гренландия, Исландия, Португалия жана Испаниянын айрым аймактарынан толук фазасында байкалды. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды.
Батыш Европанын ири шаарларында Ай Күндүн дискинин 85тен 95 пайызга чейинки бөлүгүн жаап турду. Континенталдык Европа үчүн толук Күн тутулуу 1999-жылдан бери биринчи жолу катталды.
Сейрек кездешүүчү астрономиялык кубулуш аймактын тургундарынын чоң кызыгуусун жаратты. Европанын ири шаарларындагы дүкөндөрдө Күндү байкоого арналган атайын көз айнек жана дүрбүлөр тутулууга бир нече күн калганда эле сатыла баштаган.
Кийинки толук Күн тутулуу 2027-жылдын 2-августунда болот. Анын толук фазасын Испаниянын түштүгүнөн жана Түндүк Африканын айрым аймактарынан байкоого болот.