Европада аптаптуу ысык жана кургакчылыктан түшүм кескин азаюуда

Дүйнө 138 18 Август 2026 16:30
images.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Франция, Италия жана Испанияда узакка созулган аптаптуу ысык жана кургакчылыктан улам айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү кескин азаюуда. Дыйкандар быйылкы түшүмдү өтө төмөн деп баалашууда.

АЗЕРТАЖдын маалыматына караганда, Европадагы дан эгиндеринин ири өндүрүүчүсү Францияда жүгөрүнүн түшүмү 35%га азайып, 9 млн тоннага чейин түшүшү күтүлүүдө. Мындай көрсөткүч акыркы жолу 1980-жылы катталган.

Италияда айыл чарба жерлеринин 60%га жакынын орточо жана катуу кургакчылык каптаган. Натыйжада жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгү төмөндөп, сүт өндүрүү 20%га кыскарган.

Испанияда айрым аймактарда дан эгиндеринин түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу 24-49%га азайган. Ошондой эле кой жана эчки сүтүнүн өндүрүшү кыскарган.

Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрү айыл чарбасына колдоо көрсөтүү үчүн ири көлөмдө жардам бөлүүнү пландап жатышат. Буга чейин Франция 145 млн евро өлчөмүндө шашылыш жардам көрсөтөрүн билдирген.