Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Европа 2030-жылга чейин океандын желимдерден булганышын эки эсе кыскартууну пландаштырууда.
Еuronews маалымдагандай, Европада желим буюмдарды колдонууну азайтуу чаралары өз жыйынтыгын көрсөтүүдө. Алсак, 2022-жылы европалыктар желим баштыктарды 14%га аз колдонушкан. Евробиримдиктин жаңы эрежелерине ылайык, бир жолу колдонулуучу желим буюмдарды пайдаланууга тыюу салынат. Муну менен 2030-жылга чейин океандын желимдерден булганышын эки эсе кыскартуу пландаштырылууда.
MAELSTROM долбоорунун жетекчиси италиялык изилдөөчү Фантина Мадрикардо күн сайын океандарда калкып жүргөн желим калдыктар суу астындагы фаунага кылымдар бою зыян келтирерин белгилеген.
“Жүздөгөн деңиз жашоочулары желим калдыктарынан улам өлүмгө туш болууда. Деңиз канаттууларынын курсагы бөтөлкө капкактарына толуп, акырындап ачкадан өлүп жатат. Океандын эң терең жерлерине чейин түшкөн илимпоздор ондогон жылдардан бери жаткан желим баштыктарды табышууда”, - деген ал.
Учурда жылына 626 млн желим Европа деңиздерине түшүп жатат. Эксперттер 2040-жылга чейин жыл сайын 37 млн тонна желим океандарга төгүлөт деп коңгуроо кагышууда.