Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Еврокомиссия Евробиримдиктин 2030-жылга карата коргонуу даярдыгы боюнча жол картасын сунуштайт. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.
Маалыматка караганда, Евробиримдиктин Даниядагы бейформал саммитинен кийин Европа кеңешинин төрагасы Антониу Коста Еврокомиссиянын 23-24-октябрдагы ЕБ саммитинде талкуулана турган Евробиримдиктин 2030-жылга карата коргонуу даярдыгы боюнча жол картасын эки жуманын ичинде сунуштарын билдирген.
"Биз континентибиздин коопсуздугуна, Европанын коргонуусуна байланыштуу чечимдерди кабыл алабыз жана Украинага колдоону күчөтүү боюнча чечимдерди кабыл алабыз. Эки жумадан кийин Еврокомиссия 2030-жылга карата коргонуу даярдыгы боюнча өзүнүн жол картасын сунуштайт. Еврокеңеш үч жумадан кийин чогулат", - деди Еврокеңештин жетекчиси.