Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. 2026-жылы Европадагы экстремалдык ысык жана токой өрттөрү Европа биримдигинин экономикасына болжол менен 180 млрд евро зыян келтириши мүмкүн. Бул тууралуу Triodos банкынын изилдөөсүнө таянуу менен Euronews жазды.
Адистердин эсебинде, аптаптуу ысык айыл чарбасындагы өндүрүштүн төмөндөшүнө, электр энергиясын өндүрүүдөгү үзгүлтүктөргө жана транспорттун ишине кедергисин тийгизет. Мындан тышкары, жогорку температура эмгек өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтөт.
Эң көп жабыркай турган өлкө катары Франция аталууда. Банктын баалоосунда, аптап өлкөнүн экономикалык өсүшүн 1,4 пайыздык пунктка азайтышы мүмкүн.
Ошол эле учурда 2026-жылы ЕБ аймагында токой жана башка жерлердеги өрттөн 490 миң гектардан ашык аянт күйгөн. Бул акыркы 20 жылдагы орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору.
Изилдөөчүлөр климатка ыңгайлашуу чаралары экономикалык жоготууларды болжол менен 40 пайызга азайта аларын, бирок ысыктын кесепеттерин толук жоюу мүмкүн эмес экенин белгилешет.