Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Кыргызстан экологиялык долбоорлорго инвестиция тартуу үчүн эл аралык форумдарга активдүү катышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.
"Самаркандда өткөн Евробиримдик – Борбордук Азия саммитинде жалпы суммасы 12 млрд еврону түзгөн инвестициялык пакет жарыяланды. Анын 6,4 млрд евросу климаттын өзгөрүшүнө, 2,5 млрд евросу маанилүү минералдарга бөлүнөт", - деди министр.
Европа биримдиги аймактагы өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга маанилүү минералдар жана климаттын өзгөрүшү жаатында биргелешкен иштеп чыгууларды сунуштайт. Критикалык минералдар аз көмүртектүү экономикага глобалдык өтүүдө маанилүү ролду ойнойт жана заманбап технологиялардын, анын ичинде смартфондордо, электромобилдерде жана энергиянын кайра жаралуучу жабдууларында колдонулгандардын негизин түзөт.
Министр ошондой эле Кыргызстан бул каражатты алуу үчүн жигердүү иштерди жүргүзүп жатканын баса белгиледи.