Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Евробиримдик Болгариянын 2026-жылы евроаймакка кошулушун колдоду. Бул тууралуу Евробиримдиктин кеңешинин билдирүүсүндө айтылганын Euronews маалымдады.
Анда белгиленгендей, Евробиримдиктин каржы министрлери Болгариянын еврого өтүшүнө акыркы макулдуктарын беришти. Ошондой эле Болгариянын евроаймакка кошулушун Европарламенттин 531 депутаты "макул", 69у "каршы" добуш берди, 79 депутат калыс болду.
2026-жылдын 1-январынан тарта Болгария евронун пайдасына улуттук валютасынан (лев) баш тартып, евроаймактын 21-өлкөсүнө айланат.
“Бүгүнкү добуш берүү Болгариянын евроаймакка кошулууга даяр экендигин көрсөттү. Бардык критерийлер аткарылды. Бул Болгариянын толук европалык интеграцияга карай өлкө үчүн да, анын жарандары үчүн маанилүү кадамы", - деди баяндамачы Ева Майделл.
Еврокомиссия июнь айынын башында Болгария евроаймакка кирүү үчүн бардык зарыл шарттарга жооп берерин белгилеген. Европа Борбордук банкы да оң корутунду берген болчу.