Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Европа Биримдиги Украинага 2022-2025-жылдар аралыгында дээрлик 50 млрд доллар бөлдү, анын 90 пайыздан ашыгын насыялар түзөт. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.
Маалыматка караганда, Украинанын Улуттук антикоррупциялык бюросу менен Коррупцияга каршы адистештирилген прокуратуранын ыйгарым укуктарын чектеген мыйзамдын кабыл алынышынан улам Европа Биримдиги Украинага бардык каржылык жардамды токтотту.
Евробиримдик Украина үчүн эң ири донор болуп саналат: 2022-жылдын февралынан 2025-жылдын июль айынын ортосуна чейин Украинанын бюджети биримдиктен 48,6 млрд доллар алган, анын 44,3 млрд доллары насыя, калганы кайтарымсыз негизде берилген.
Украинаны каржылоонун алдыңкы беш булагына АКШ (30,2 млрд доллар), Япония (8,7 млрд доллар), Канада (5,4 млрд доллар) жана Улуу Британия (3 млрд доллар) да кирет.
Эл аралык уюмдардын ичинен негизги донорлор - Эл аралык валюта фонду, 2022-жылдын февраль айынан бери Украинага 13,4 млрд доллар насыя берген, Дүйнөлүк банк болсо 5,3 млрд доллар бөлгөн.