Эверестте калган 800дөн ашуун адам аман-эсен түшүрүлдү

Дүйнө Загрузка... 09 Октябрь 2025 09:25
WhatsApp Image 2025-10-09 at 09.02.46.jpeg

Бишкек, 09.10.25 /Кабар/. Кытайдын Тибет автоном районундагы Эверест тоосунан 580 турист жана 300дөн ашуун жол көрсөтүүчүлөр менен топозчулар катуу бороондон кийин аман-эсен түшүрүлдү. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, алардын бардыгы Динжи уездиндеги Цюйдан айылынын аймагына жеткирилген. 6-октябрь күнү дагы 350 турист түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, 4-октябрда башталган катуу жааган кар менен бороон деңиз деңгээлинен 4 900 метр бийиктиктеги туристтик лагерди каптап калган. Натыйжада миңдей адам тоо башындагы убактылуу лагерлерден чыга албай калган.