Эт 640 сом. Баткенде ири айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Аймак 14 Ноябрь 2025 11:55
WhatsApp Image 2025-11-14 at 10.54.52.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-14 at 11.11.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-14 at 11.11.03.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-14 at 11.11.03 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-14 at 11.11.03 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-14 at 11.11.02.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Бүгүн Баткен районунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен ири айыл чарба жарманкеси өтүп жатат.

Ведомстводон маалымдашкандай, жарманкенин негизги максаты — калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү фермерлерге өз продукцияларын түз сатууга шарт түзүү.

Иш-чарада айыл чарбасына тиешелүү товарлар кеңири ассортиментте базар баасынан бир топ төмөн баада сунушталууда. Мисалы, уй эти 640 сомдон сатылууда.

Мындан тышкары, жарманкеде ун, буудай, кумшекер, жашылча-жемиштер, кургатылган жана кайра иштетилген азыктар арзандатылган баада сатылууда.

Министрлик мындай жарманкелер кышкы мезгилге даярдык жана баанын турукташуусун камсыздоо максатында өлкөнүн бардык аймактарында уюштуруларын белгилейт.