Эстония 2026-жылы көчүп барууга эң ылайыктуу өлкө деп табылды

Дүйнө 204 18 Август 2026 09:40
WhatsApp Image 2026-08-18 at 08.33.26.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Эстония 2026-жылы көчүп барууга эң ылайыктуу өлкөлөрдүн рейтингинде биринчи орунда турат. Сингапур жана Малайзия дагы алдыңкы үчтүккө кирди, деп жазды Синьхуа агенттиги.

Анда белгиленгендей, Rumavi Global Relocation Index 2026 рейтинги жашоо сапаты, коопсуздук, медициналык жардамга жеткиликтүүлүк, экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана каржылык келечек сыяктуу 24 критерийдин негизинде түзүлгөн.

Алдыңкы он өлкө жана аймактын катарына төмөнкүлөр кирген:

  • Эстония;
  • Сингапур;
  • Малайзия;
  • Португалия;
  • Тайвань;
  • Литва;
  • Гонконг;
  • Сент-Китс жана Невис;
  • Чехия;
  • Мальта.

Европанын негизги өлкөлөрүнүн рейтинги бир кыйла төмөн болгон: Испания 21-орунда, Германия 50-орунда, Улуу Британия 49-орунда жана Франция 79-орунда. Бирок, рейтинг ар кайсы өлкөлөрдө жашаган мигранттардын чыныгы санын чагылдырбайт. БУУнун 2024-жылга карата маалыматы боюнча, АКШда мигранттардын эң көп саны бар - болжол менен 52,4 млн. Андан кийин Германия (16,8 млн), Сауд Арабиясы (13,7 млн), Улуу Британия (11,8 млн), Франция (9,2 млн), Испания (8,9 млн), Канада (8,8 млн) жана БАЭ (8,2 млн) турат.

Маалымат үчүн: Rumavi көчүү, инвестиция салуу жана чет өлкөдө жашоо боюнча адистешкен компания. Анын Global Relocation Index 2026 рейтинги 192 өлкөнү камтыйт.