Талас шаарын өнүктүрүү боюнча 2024-2026-жылдарга карата стратегия иштелип чыккан. Учурда шаарда 49 миңдей калк жашайт. Документ туруктуу, ыңгайлуу жана коопсуз шаар чөйрөсүн түзүүгө, тургундардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган. Анда инфраструктура, экономика, экология жана социалдык долбоорлор камтылган. “Кабар” маалымат агенттигине Талас шаарынын мэринин биринчи орун басары Айбек Көчөрбаев аткарылып жаткан жана алдыга коюлган пландар тууралуу кенен айтып берди.

Талас шаарын өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан 2024-жылы 1 млрд 50 млн сом бөлүнгөн. Каражаттын эсебинен туризм, инфраструктура жана башка тармактарга багытталган долбоорлор башталган. Айрымдары ишке берилсе, жарым-жартылай аткарылып калган иштерди 2026-жылдын август айына карата аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.
Транспорт менен камсыздоо
Айбек Көчөрбаев билдиргендей, шаарга президенттин Турукташтыруу фондунан 1 млрд 90 млн сом каралган.
“Шаардын ичинде жашоочуларга ыңгайлуу коомдук транспорт жок болчу. Буга байланыштуу 1 млрд 90 млн сомдун 180 млн сому электробустарды сатып алууга жумшалмакчы. Жакында эле облус жетекчиси менен мэр Кытайга барып, автобустарды жеринен көрүп, 30 автобус алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. 180 млн сом толук жетпегендиктен, автобустар лизинг аркылуу да алынат. Шаардагы автобекет мэриянын балансына өткөрүлүп, муниципалдык ишкана ачылды. Учурда автобекетти жаңылоо үчүн долбоор даярдалууда“, - деди ал.
Ички жолдорду оңдоо
Былтыр 50 чакырым тротуар асфальтталган. 2026-жылы шаардагы 36 чакырым ички жолду оңдоо пландалган. Анын 10 чакырымы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жасалат. Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттын 910 млн сому 26 чакырым жолду оңдоого жумшалат.
Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу
Талас облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун ичинен 240 млн сому шаарга берилген. Былтыр бул каражатка шаардын борбордук аянты толук реконструкцияланган. Жалпы 7 чакырым жолго, анын ичинде тротуар, веложолго асфальт төшөлдү.
Көчөрбаев белгилегендей, шаарга 3 завод куруу планы коюлган: асфальт (33 млн сом), бетон (19 млн сом) жана таш майдалоочу заводдор (30 млн сом). Кытайдан бардык жабдуулар алынып келип, курулуш иштери башталган.

“Асфальт, таш майдалоочу жана бетон заводдору быйыл пайдаланууга берилип, иштеп жатат. Жалпысынан 90 млн сомго жакын каражат сарпталды. Бул заводдордон быйыл салына турган жолдорго керектелчү материалдарды алабыз деп турабыз”, - деди мэрдин биринчи орун басары.
Ошондой эле 240 млн сомдун ичинен Талас шаарына жалпы 18 даана техника алынган. 12си заводдорго берилген. Калган 6 таштанды жыйноочу, жол тазалоочу техникалар муниципалдык ишканаларга бөлүндү.

Туризмди өнүктүрүү
Талас шаарындагы борбордук сейил бакты жаңылоо иштери да колго алынган. Бул үчүн жалпы 112 млн сом бөлүнгөн. Сейил бактын жалпы аянты дээрлик 5 гектарды түзөт. Эми эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, аттракциондор орнотулуп, аймак көрктөндүрүлөт.

Аттракциондор эскиргендиктен 2008-жылы эле иштебей калган. Кытайдан 8 аттракцион алынып келди. Турукташтыруу фондунун каражатынын эсебинен жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине 30 млн сом берилген. Дагы 9 млн сомдой каражат жергиликтүү бюджеттен каралмакчы.
“Учурда 8 аттракциондун жетөө орнотулуп бүттү. Акыркы аттракцион орнотулуп жатат. Күн жылыса эле көрктөндүрүү иштери башталат. Сейил бакты жаңылоо ишин 20-апрелдерге аяктайбыз деп пландап жатабыз”, - деди Айбек Көчөрбаев.
Ошондой эле Кеңешбек Нуржанов атындагы аллеяны реконструкциялоо долбоору ишке ашырылууда. Мында дүкөндөр, китепкана, эс алуу жайлары, спорттук аянтчалар, фонтан жайгашат. Ошондой эле аллеяга көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган экспонаттар коюлат. Аллеяны реконструкциялоону 2026-жылдын июль айында аяктоо пландалууда. Жалпысынан 281 млн сомго келишимдер түзүлгөн. Учурда жумуштардын 40%ы бүтүп калды.

1,5 гектар аянтка суу топтоочу жайды куруу пландалган. 2 миң кубдук эки резервуар курулуп бүттү. Жалпысынын 84 млн сом бөлүнгөн. Жумуштар толугу менен бүттү. Жазында суу берилип баштайт. Бул таза суу менен камсыздоого багытталган долбоор болуп саналат.
“Баластан” соода жана оюн-зоок борбору
Оюн-зоок борборун курууга облусту өнүктүрүү фондунан жана республикалык бюджеттин эсебинен каражат каралган. 1 млрд 117 млн сомго келишим түзүлгөн. Жаңы борбордун жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзмөкчү. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

“Баластан” борборунда аттракциондор, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн зоналары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулмакчы.
“Борбордун ичинде роботтор гиддин кызматын аткарат. Кытайдан роботторду алып келүү үчүн облус жетекчиси менен мэр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Жайга чейин жаңы технологиялык жабдуулар алынып келет. Объект ишке киргизилсе, 200дөн ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт. “Баластанды” 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландалууда”, - деди ал.
Мындан тышкары, шаарда №1 “Алтын балалык” бала бакчасына 280 орундуу имарат курулууда. 2 гектарды ээлеген бала бакчага республикалык бюджеттен 220 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Объектти 2027-жылдын башында бүтүрүү мерчемделүүдө.
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы макулдашууларга ылайык, өлкө боюнча 9 мектеп курулат. Анын бирөөсү Талас шаарында жайгашат. Азыр 1200 орундуу мектептин курулушунун инженердик иштери аяктап калды. Быйыл курулушка капсула салынат.
Учурда шаарда Юстиция министрлигинин облустагы мекемесинин жаңы имаратынын курулуш да бүткөнү жатат. Жакында пайдаланууга берилет. Ага 31 млн сом каралган.
Ошондой эле 5500 орундуу футболдук стадион курулууда. Бүгүнкү күндө бетондоо жумуштары аяктап калды. Бул спорттук объект дагы Эгемендүүлүк күнүндө ачылат. Мындан тышкары, Ч. Мамбетов атындагы Талас облустук бириккен бейтапканасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча 137 млн сом акча каражаты бөлүнгөнү жатат.

Демөөрчүлөрдүн демилгеси менен болжолдуу наркы 1 млрд сомго “Акылман" лицейи курулууда. 900 орундуу лицейдин эки кабаттуу жатаканасы бар. Иштер 60-70% аяктады.

Шаарга саркынды суу топтоочу жай жана суу түтүктөрдү куруу долбоорунун 1-этабында 23 чакырым таза суу түтүктөрү жана 13 чакырымга саркынды суу түтуктөрү тартылган. Эми 2-этаптагы иштер башталат. Долбоор ишке ашса, Талас шаарынын 90%ы саркынды суу түтүктөрү менен камсыздалып калат.
Шаардын эки жеринде Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан турак жайлар курулууда. Мында 5 кабаттан турган 14 блок, 9 кабаттуу 9 блок жайгашат. Жалпысынан 900гө жакын батир болот.

Талас шаарындагы мамлекеттик жогорку окуу жайга жаңы имарат салынууда.

Долбоорго 300 млн сом каражат бөлүнгөн . Курулушту 2026-жылдын июль айында бүтүрүү пландалууда. 5 кабаттуу заманбап имаратта бардык шарттар каралат. Долбоор президенттин тапшырмасына ылайык, жергиликтүү бийликтин Талас шаарын өнүктүрүү стратегиясынын негизинде ишке ашырылууда.
“Долбоорлордун баарын өз убагында бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз. Эгемендүүлүк күнү бул ирет Талас облусунда белгиленгени жаткандыктан, иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар жүрүүдө”, - деп белгиледи Айбек Көчөрбаев.