Жаздын илеби: Эртеңден тарта Бишкекте күн жылый баштайт

Коом Загрузка... 11 Март 2026 16:12
598560794_3661236794019493_4269177877896423345_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Эртең, 12-марттан тарта Бишкек шаарында аба ырайы жылый баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-17-март күндөрү борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 18-мартта жаан жаашы мүмкүн.

Жакынкы күндөргө карата аба ырайынын болжолу:

  • 12-март: түнкүсүн -11…-13°, күндүз -1…+1°;
  • 13-март: түнкүсүн -6…-8°, күндүз +1…+3°;
  • 14-март: түнкүсүн -4…-6°, күндүз +5…+7°;
  • 15-март: түнкүсүн 0…-2°, күндүз +6…+8°;
  • 16-март: түнкүсүн -1…+1°, күндүз +8…+10°;
  • 17-март: түнкүсүн +1…+3°, күндүз +10…+12°;
  • 18-март: түнкүсүн +2…+4°, күндүз +10…+12°.