Бишкек, 29.03.26. /Кабар/. Эртең, 30-марттан тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды контролдоо жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет.
30-марттан 3-апрелге чейинки Глобалдык акча жумалыгынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик орган, коммерциялык банк, финансылык компания жана билим берүү мекемелери менен биргеликте ачык сабак, семинарлар, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрү жана экскурсиялар, интерактивдүү оюн жана викториналар өткөрүлөт.
Глобалдык акча жумалыгынын иш-чаралар планы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылган.
Маалымат үчүн:
Глобалдык акча жумалыгы 2012-жылдан тартып дүйнөнүн 176 өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. Кампаниянын максаты – келечекте финансылык жыргалчылыгын жана туруктуулугун жакшыртууга өбөлгө түзүүчү алгылыктуу финансылык чечимдерди кабыл алуусу үчүн балдарга жана жаштарга акча маселелери жөнүндө маалымат берүү максатында сапаттуу финансылык билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. Кыргызстанда Глобалдык акча жумалыгы 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет, Улуттук банк кампанияны өткөрүүнүн координатору катары иш алып барат.