Эртең Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт

Коом 1 сентябрь 2026 21:15
Эртең Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Эртең Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт. Бул тууралуу мэриядан “Кабар” агенттигине билдиришти.

Белгилей кетсек, борбор калаада эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу, 31-августта жана 1-сентябрда коомдук транспорттун каттамдарынын аралыгы көбөйүп, жолдо жүрүү убактысы узарган.

Мындан тышкары, бир катар автобус каттамдарынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөргөн.