Эртең Бишкекте "Федя. Элдик футболчу" көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсү өтөт

Маданият Загрузка... 18 Февраль 2025 15:44
WhatsApp Image 2025-02-18 at 12.23.15.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Эртең Бишкекте "Федя. Элдик футболчу" көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсү өтөт. Бул тууралуу тасманын режиссерлору билдирди.

Көркөм тасманын режиссеру Николай Акелькин. Сергей Шишкаревдин “Сделано в Дело” продюсердик борбору тарабынан IVAN Production компаниясынын катышуусунда жана Кинофонддун колдоосу менен Россияда (ВДНХ, Таганка театры) жана Беларуста тартылган.

Бир жарым сааттык тасма легендарлуу футболчу, "Спартак" (Москва) футбол клубунун жарым коргоочусу Федор Черенковдун өмүрүнө жана спорттук карьерасына арналган.

Башкы каарман — футболчу Федор Черенковдун ролун актёр Станислав Румянцев ойногон. Ошондой эле тасмага Николай Фоменко, Борис Щербаков, Александра Дроздова, Сергей Петренко сыяктуу орустун атактуу театр жана кино актерлору катышкан.

Маалымат үчүн: Федор Черенков 1959-жылы 25-июлда Москвада туулган. Футболчуну айтылуу “Спартакка” атактуу Константин Бесков чакырган. 10-номерлүү Федор Черенковдун оюну нукура искусство деп таанылган. Ал катышкан футболдук мелдештерге күйөрмөндөр укмуштуу киного ашыккандай жабылып барып, таң калып, суктанып көрүп отурушчу. Анткени ал чыныгы тамаша оюн тартуулап, бардык голдорду чеберчилик менен киргизчү. Чыныгы легендага айланган виртуоз футболчуну ал гана эмес, атаандаш командалардын күйөрмандары дагы зор сый-урмат менен кубаттап турушчу.