Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Эртең Бишкекте Digital Kyrgyzstan III эл аралык ПЛАС-форуму өтөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин мүчөсү, финансы маселелери боюнча көз карандысыз эксперт Медетбек Назаралиев билдирди.
Анын айтымында, форум Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен уюштуруулуда. Иш-чарага мамлекеттик мекемелердин, бизнестин, банк чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышат.
“Форумдун жүрүшүндө өлкөнүн санарип тармагындагы өзгөчө жаңылыктар, жетишкендиктер жана кемчиликтер талкууланат. Мындан сырткары, башка өлкөдөн келген эксперттер санариптештирүү тармагындагы өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшөт. Иш-чара абдан чоң курамда өтөт. Санариптүү коомдон тарта банк, бизнес чөйрөсүндөгү маселелер талкууланат”,-деди ал.
Маалымат үчүн: ПЛАС-форум – бул:
- иштиктүү программа;
- эл аралык алдыңкы эксперттер менен маектешүү;
- ийгиликтүү долбоорлор;
- натыйжалуу нетворкинг;
- жөн гана окуя эмес, бул идеялар жана бизнес байланыштар үчүн аянтча.