Эрлан Шеров Европа кубогунда алтын медаль жеңди

Спорт 16 февраль 2026 09:00
Эрлан Шеров Европа кубогунда алтын медаль жеңди
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 15.02.26. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Ljubljana European Open-2026 ачык Европа кубогунда алтын медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештер 14-15-февраль күндөрү Словениянын борбору Любляна шаарында өттү.

Турнирге 45 мамлекеттен 513 спортчу катышты.

Эрлан Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында биринчи айлампаны өткөрүп, 1/16 финалда бельгиялык Карл Фубертти,1/8 финалда литвалык Августас Слизеринецти, чейрек финалда франциялык Эниэль Кэролини, жарым финалда египеттик Абдалла Абдельсамейдини ишенимдүү жеңди.

Ал эми финалдык беттеште россиялык Давид Карапетянды утуп, мелдештин чемпиону аталды.