Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. 2-мартта эркин күрөш боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону, эң титулдуу балбандардын бири Бувайсар Сайтиев 49 жашында каза болду. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Сайтиев Россиянын Хасавюрт шаарында төрөлгөн. Бала кезинен спортко кызыгып, 6 жашында күрөш менен машыга баштаган. Сайтиевдин атасы автокырсыкта каза тапкандан соң Бувайсар 13 жашында Новокузнецктеги интернатта окуусун улантат. Орто билим алган соң ал балбандардын шаары аталган Красноярск шаарына келет. Ал жактан Сайтиев атактуу машыктыруучу Дмитрий Миндиашвилинин колунда тарбияланып, спортко кадам таштайт.
1991-жылы жаштар арасында СССРдин акыркы чемпиону болгон.
Миндиашвилинин жетекчилиги алдында спортчу 20 жашында 1995-жылы АКШдагы дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан.
Балбан 5 жыл бою 1995-2000-жылдар аралыгында бир да ирет жеңилген эмес.
Сайтиев Олимпиада оюндарында үч жолу 1996, 2004 жана 2008-жылдары алтын медалды багындырган. Европанын 6 жолку чемпиону болгон.
Спорттук карьерасын жыйынтыктагандан кийин саясатка аралашып, 2016-жылы Россиянын Мамлекеттик думасына депутат болуп шайланып, спортту өнүктүрүү маселелери менен алектенген.
Россиянын спорттук күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвилинин айтымында, спортчунун сөөгү кичи мекени Дагестандын Хасавюрт шаарында жерге берилет. Көзү тирүү болсо 11-мартта Сайтиев 50 жашка чыкмак.