Бишкек 16.06.2025 /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израиль менен Ирандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууга көпүрө болууга даяр. Бул тууралуу Эрдогандын администрациясына таянуу менен Рамблер.ру агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, бул тууралуу ал Масуд Пезешкиян менен болгон телефондук сүйлөшүү учурунда айткан. Атап айтканда Түркия бул жаңжалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр экениндигин билдирген.
Эскерте кетсек, 13-июнга караган түнү Израиль Иран аймагындагы ядердик жана аскердик объектилерге сокку урган.
Ошол эле күнү кечинде Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу жооп иретинде Израилге карата ракета соккуларын жасаган. Эки өлкөдө тең чабуулдардын кесепетинен көп сандаган адамдар каза таап, жабыркаган.