Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагалыгына кайрадан шайланды

Дүйнө Загрузка... 24 Февраль 2025 15:10
WhatsApp Image 2025-02-24 at 10.47.06.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/.Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагалыгына кайрадан шайланды. Бул тууралуу TRT кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, партиянын Анкарада өткөрүлгөн 8-кезектеги чоң курултайы төраганы шайлоо менен жыйынтыкталды.

Курултай кеңешинин төрагасы Абдуллах Гүлер 1607 делегаттын 1547си добуш бергенин жана бардык добуштардын жарактуу болгонун айткан.

Гүлер Эрдогандын 1547 добуштун баарын алып, партиянын төрагалыгына кайрадан шайланганын жарыялады.

Эрдоган делегаттарга ыраазычылык сөз сүйлөп, курултайды чоң ийгилик менен аяктагандарын билдирди.

"Мени дагы бир жолу төрагалыкка татыктуу деп эсептегениңиздер үчүн ар бириңиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет", - деди ал.