Эр-Риядда Россия менен АКШнын сүйлөшүүсү башталды

Дүйнө Загрузка... 18 Февраль 2025 16:01
WhatsApp Image 2025-02-18 at 13.02.56.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Эр-Риядда Россия менен АКШнын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүгө орус тараптан тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков катышууда. АКШдан жолугушууга Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц, мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф келген.

Сүйлөшүүгө Сауд Аравиянын өкүлдөрү төрагалык кылып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, күн мурун АКШ менен Россиянын өкүлдөрү Украинагы кырдаалды талкуулоо үчүн Сауд Аравияда жолугушары маалымдалган эле.