Энергетика тармагына инвестиция тартылат

Экономика Загрузка... 24 Апрель 2026 12:12
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Эл аралык кызматташууну өнүктүрүү жана инновацияларды тартуунун алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ХанаЭнергия менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, документке агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана ХанаЭнергия компаниясынын директору Улугбек Марипов кол коюшту.

Меморандум энергетика секторундагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, инфраструктураны модернизациялоо, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу каралган.

Тараптар жетишилген макулдашуулар заманбап технологияларды киргизүү, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним артышты.