Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорунун жүрүшү тууралуу маалымат берди

Экономика Загрузка... 19 Февраль 2025 17:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда Бишкекте Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун ишке ашыруунун учурдагы этабын караган семинар болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү, Казакстан, Өзбекстандын делегациялары, Дүйнөлүк банк, ошондой эле эксперттер панелинин мүчөлөрү, AFRY компаниясынын жетекчилиги жана эл аралык адистер катышты.

Жолугушуунун негизги максаты Камбар-Ата-1 ГЭси долбоорунун учурдагы абалын, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемени жана айлана-чөйрөгө жана социалдык таасирге баа берүү иштери боюнча карап чыгуу болуп саналат.

Семинарда 2024-жылдын башында техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) жаңылоого конкурстук негизде тандалган швейцариялык инженердик-консалтингдик компания AFRY учурдагы иштин жыйынтыктарын сунуштады. Компания ортомчу отчетту, сейсмикалык баалоону жана гидрологиялык изилдөөлөрдү көрсөттү. Долбоордун натыйжалуу, туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздоо үчүн негизги техникалык элементтер жана долбоордук чечимдер сунушталды.

Ошондой эле айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирди баалоону жүргүзүп жаткан эл аралык SMEC компаниясы өзүнүн баштапкы изилдөө жыйынтыктарын ачыктады. Презентацияда долбоордун мүмкүн болгон таасиринин көлөмү, жергиликтүү калк үчүн тиричилик каражаттарына болгон таасири каралып, экологиялык изилдөөлөрдү ушул жылдын жазында өткөрүү планы жана жумушту аяктоо үчүн негизги кадамдар көрсөтүлдү.

Камбар-Ата 1 ГЭси долбоорунун кийинки даярдыктары техникалык-экономикалык негиздемени жана айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирди баалоону бүтүрүүнү, андан кийин Кыргызстанда жергиликтүү жана улуттук деңгээлде кызыктар тараптар менен экинчи консультациялар тобун өткөрүүнү камтыйт. Кызыкдар тараптар менен консультациялар Казакстан жана Өзбекстанда да өткөрүлөт.

Мындан тышкары, алынган сунуштар жана пикирлердин негизинде айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирди баалоонун жакшыртылган версиясы даярдалат.

Белгилей кетсек, семинар Камбар-Ата-1 ГЭси долбоорун даярдоонун маанилүү кадамы болду, ал экологиялык, социалдык, техникалык жана каржылык жактан туруктуу энергетикалык долбоор катары үлгү болушу керек. Дүйнөлүк банк ушул ири долбоорду даярдоого ар тараптуу каржылык колдоо көрсөтүүдө, анын ичинде ТЭНди жаңылоо жана айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирди баалоону жүргүзүү.

"Камбар-Ата-1 ГЭси — бул жашыл, таза энергиянын трансформациялык долбоору, ал Кыргызстан үчүн жана бүткүл Борбордук Азия үчүн маанилүү пайда алып келет. Долбоор энергетикалык коопсуздукту күчөтүүгө, региондогу кызматташтыктарды бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет",-деп айтылат маалыматта.