Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан абоненттердин үйлөрүнө орнотулуп жаткан "акылдуу" эсептегичтерди текшерди.
Ведомстводон маалымдашкандай, текшерүүнүн жүрүшүндө министр "акылдуу" эсептегичтин сапатын, орнотуу тартибин жана жумуштун өз убагында аткарылышына басым жасады.
Чүй электр тармактар ишканасынын маалыматына караганла, быйыл Чүй облусу боюнча 106 миң 700 бир фазалуу, 12 800 үч фазалуу, жалпы 119 миң 500 акылдуу эсептегичти орнотуу пландалган. Учурда 5 800 орнотулуп бүттү.
Министр өз сөзүндө абоненттердин эски эсептегичин жаңы акылдуу эсептегичке алмаштырып берүү иштери бекер экенин, ал үчүн акча талап кылуу коррупциялык аракет болорун эскертти.
"2025-жылга карата коюлган планга ылайык, "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери өз убагында аткарылып бүтсүн. Аны менен катар орнотуу иштерин талапка ылайык сапаттуу жасагыла. Эски эстегичти жаңыга алмаштырып берүү бекер экенин билесиңер. Эгерде абоненттен эсептегичти алмаштыруу үчүн акча талап кылсаңар, анда керт башыңар менен жооп берип каласынар. Бул коррупциялык иш болуп эсептелет", - деди министр.
Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө министр жаңы курулган “Ак-Ордо” бөлүштүрүү пунктуна барды. Аталган бөлүштүрүү пункт турган жерге жакынкы арада жаңы социалдык обьектилер куруу пландалууда. Аларды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн алыстан аба чубалгысын тартып кошумча көйгөй жаратпоо максатында, энергетиктер алдын-ала даярдык көрүп, электр энергиясын бөлүштүүчү пункту тийиштүү жер тилкесине куруп коюшкан.
Ал эми Ак-Ордо конушунун тургундарынын калкынын саны жыл сайын өскөндүктөн Чүй электр тармактар ишканасынын абоненттери Бишкек электр тармактар ишканасынын карамагына өткөрүлөт. Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана сапаттуу, жеринде ыкчам тейлөө максатында жаңы Райондук электр тармак ишканасын куруу пландалууда.
Энергетика министри "Ак-Ордо" көмөк чордонуна барып, ал жерге курула турган РЭТтин жер тилкеси, долбоору, алдыдагы аткарыла турган иштер тууралуу маалымат алды.
Министр алдыга коюлган иш пландар убагында аткарылышын жана күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетиктердин жоопкерчилик менен иш алып баруусун тийиштүү жетекчилерге тапшырды.