Балыкчы шаарында жыл башынан бери 3 582 "акылдуу" эсептегич орнотулду

Аймак 28 июнь 2025 15:03
513869216_717071580917820_6424511847706626292_n.jpg
511264305_717071584251153_2493653524950586084_n.jpg
511309536_717071587584486_5838137193235628855_n.jpg
511318114_717071667584478_3011494622011381679_n.jpg
514043271_717071670917811_5178921671394927459_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Балыкчы шаарында жыл башынан бери 3 582 "акылдуу" эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл Балыкчы шаарына жалпы 8 700 "акылдуу" эсептегич орнотуу пландалган жана ноябрь айына чейин толук орнотулуп бүтөт.

Маалымат үчүн: акылдуу эсептегичтер реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчтөрдү серверге автоматтык түрдө жөнөтүп, электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактап, коррупцияны жоюуга көмөк көрсөтүп, кардарлар үчүн да ыңгайлуу болот.

Жаңы эсептегичтердин жардамы менен кардарлар керектеген энергиянын көлөмүн так көрө алышат, ал эми кызматкерлер көрсөткүчтөрдү кол менен чогултпайт. Мындан тышкары, эсептегичтер электр тармагындагы жоготууларды азайтууга жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.