Энергетика, айыл чарба, туризм: Кытайлык компания Кыргызстанга инвестиция салат

Министрлер кабинети 26 Февраль 2026 13:30
699feaa4b5328 (1).jpg
699feab95e49e.jpg
699feac10430d.jpg
699feab3147eb.jpg
699feaabb4e58.jpg
Алдыга
Артка
699feaa4b5328 (1).jpg
699feab95e49e.jpg
699feac10430d.jpg
699feab3147eb.jpg
699feaabb4e58.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Guangdong Holdings Limited" кытай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды. "Guangdong Holdings Limited" холдингинин өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы олуттуу потенциалын эске алуу менен гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системасын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Кыргызстандын Улуттук инвестициялык фонду жана холдингдин өкүлдөрү инвестициялык кызматташтык боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүшүүдө. Адылбек Касымалиев министрлер кабинети Улуттук инвестициялык фонддун ишине маани берерин белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган чет элдик инвестицияларды тартуу өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналарын баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы кытай корпорациясынын өкүлдөрү менен мындан ары да конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле Кытай Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика, айыл чарба, туризм жана инвестиция тармактарында конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.