Эмне үчүн газга эсептер көп чыгууда? Депутат жообун талап кылды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 22 Январь 2026 11:06
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.57.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу "Газпром" ишканасынын, Энергетика министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады. Буга жарандардан ашыкча жазылган квитанциялар боюнча көптөгөн арыз-даттануулар түшүп жаткандыгы себеп болгон.

Ал белгилегендей, "Газпром" ишканасы октябрь жана ноябрь айларында телеметрия системасы иштебей калгандыгын, ошол себептен көптөгөн абоненттердин маалыматтары кирбей калганын расмий түрдө билдирген.

"Натыйжада компания үч ай үчүн бирден квитанция жөнөтүп жатат. Бул маселе боюнча алардын түшүндүрмөсүн угуу керек. Анткени, пенсионерлер, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар, ал эми квитанцияларда ири суммалар чыгып жатат", - деп билдирди ал.