Акыркы жылдары мектепке чейинки курактагы балдардын тили кеч чыгып жаткандыгын байкап жатабыз. Мындан улам бул маселе көпчүлүк ата-энелердин баш оорусуна айланууда. Балдардын сүйлөө жөндөмүнүн кечеңдешинин себеби эмнеде? Бул маселенин алдын-алууга болобу, аны болтурбоо үчүн кандай ыкмаларды колдонуу керек деген суроолорго балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис, логопед – Шайыргүл Мухтарали кызы жооп берет.
- Коомдо мектеп курагына чейинки балдардын тилинин кеч чыгып жатышы чоң көйгөйгө айланды. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Бул көйгөй абдан актуалдуу болуп калды. Мындан 10 жыл мурда “логопед” кесиби бар экенин көпчүлүгү билишпесе, азыркы учурда зарыл кесиптердин катарын толуктап жатат. Балдардын сүйлөө речинин кечеңдеши - биологиялык, психологиялык жана социалдык факторлордон көз каранды.
Технологиялардын таасири көп болуп, балдар смартфон, планшет сыяктуу шаймандар менен көп убакыт өткөрүп жатышат. Негизи баланын сүйлөө речи айлана-чөйрө менен өз ара мамилеси жана чоңдор менен баарлашуусунун негизинде гана алга жылат. Ошондой эле баланын мээси кыймыл аркылуу өсүп-өнүгөт. Видеоконтентти пассивдүү кароодо бул нерселер жок болгондуктан, экран алдында бала дээрлик кыймылдабайт, түстүү сүрөттөрдүн жана жаркыраган үндөрдүн агымын гана карап отура берет. Бул учурда баланын сүйлөө жөндөмдүүлүгү абдан жабыркайт. Баланын сөз байлыгы жакшы калыптанып, жаңы сөздөр пайда болуп, бекемделиши үчүн чоңдор менен жандуу баарлашуусу зарыл. Ата-эне бала менен сүйлөшпөсө, сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүгө аракет кылбаса, керектүү көнүгүүлөрдү жасатпаса дагы баланын сүйлөөсү кечеңдейт. Мындан улам баланын өз убагында сүйлөөсү же тескерисинче артта калуусу ата-эненин аракетинен дагы көз каранды десе болот.

Ата-энелердин гипер көзөмөлү да таасир этет. Эгерде ата-эне дүйнөнү таануу аракетине дайыма тоскоолдук кылып, тыюу сала берсе баланын сүйлөө каалоосуна бөгөт коюлат.
Ошондой эле, социалдык байланыштын жетишсиздиги. Балдар башка балдар менен көп ойнобосо сүйлөө көндүмдөрүн машыктыруу мүмкүнчүлүгү азаят.
Андан сырткары медициналык же психологиялык себептерден улам угуунун начар болушу, неврологиялык көйгөйлөр же өнүгүүдө кечигүүлөр да тилдин кеч чыгуусуна себеп болушу мүмкүн.
Көп тилдүү чөйрөдө чоңоюу же кош тилдүүлүк дагы бир фактор болуп саналат. Эгерде бала тынымсыз эки тилде сүйлөгөндөрдү угуп чоңойсо же үйдө кыргыз тилинде бала бакчага барганда орус тилинде сүйлөшүү болсо, бир сүйлөмдү таанып, өзүнүн сөз байлыгын түзүү кыйынга турат.

- Баласынын тили кеч чыгып же таптакыр чыкпай жаткан ата-энелер эмне кылышы керек? Мунун алдын алса болобу? Же байкап калган учурда кандай чараларды көрө башташы керек?
- Бала төрөлгөндөн баштап чоңойгонго чейин өнүгүү, өсүү этаптары болот. Муну менен катар эле сүйлөө жөндөмү да өнүгүшү керек. 4 айында сиздин сөзүңүзгө реакция кылып, жылмайып, үн алышып жооп берип калат. 8-9 айында «ба-ба», «гы-гы» деп үн чыгарып, сиз сүйлөсөңүз артыңыздан кайталап үн салып калат. 1,5 жашында «отур», «тур», «ичем», «бер» деген сыяктуу сөздөрдү түшүнүп, сүйлөп калат. Ушундай ар бир жаш курактын өнүгүү көрсөткүчтөрүн ата-эне билиши керек жана ошого ылайык өнүктүрүүчү иш-чараларды жасап туруусу зарыл. Баласынын тилинин кечигип жатканын байкап калган учурда, дароо тийиштүү лор, педиатр, невролог жана психиатр баш болгон дарыгерлерге алып баруу керек. Акча жок деп же болбосо өзүнүн учуру келгенде сүйлөп кетет деп күтүп жүрө берүү кийин мындан да түйшүктүү болушу мүмкүн. Ошондой эле, үй шартында баланын сүйлөө жөндөмдүүлүгүн арттыра турган атайын көнүгүүлөрдү жасап, оюндарды ойноп, бала менен тынбай иштешүү зарыл. Баласын логопедге алып барып жаткан ата-эне жоопкерчиликти адиске гана илип койбой үйдөн дагы бала менен иштөөсү керек.

- Балдардын тилинин чыгышына көмөк көрсөтүүчү кандай ыкмалар бар? Логопед катары кандай кеңештерди бересиз?
- Биринчи кезекте баланын физикалык өнүгүүсүнө маани берүү зарыл. Ымыркай физикалык жактан өнүгүп, айлана - чөйрөнү таанууга багыт алат жана аны курчап турган дүйнө жөнүндө маалыматтарды өздөштүрүп баштайт. Кыймыл жана манжа оюндарын ойноо, ар кандай кыймыл көнүгүүлөрүн аткаруу менен бала чебер жана эпчил болот. Координациясы жакшырып, кыймыл-аракети тактыкка ээ болуп, көңүлү, эс тутуму, ой жүгүртүүсү жана албетте сүйлөөсү өнүгөт.
Баланын тамактануусуна көңүл буруу керек. Сүйлөө — бул бир гана тил эмес, бүтүндөй мээнин иштешине байланыштуу процесс. Бала туура тамактанбаса, мээ клеткалары жакшы өнүкпөй, эс тутум, угуу, көңүл буруу, тилди өздөштүрүү процесстери жай жүрөт. Баланын организмине керектүү микроэлементтерди камтыган, пайдалуу тамак-аштарды берүү зарыл.
Жогоруда айтып өткөндөй эле жандуу баарлашуу зарыл. Бала менен көп сүйлөшүү (күнүмдүк аракеттерди түшүндүрүү, суроо берүү, жоопторун күтүү). Китеп окуп берүү жана сүрөттөрдү бирге карап, талкуулоо. Ырлар, жаңылмачтар, оюндар аркылуу тилин өнүктүрүү.
Негизи баланын сүйлөө жөндөмүн үй шартында өнүктүрүү үчүн натыйжалуу ыкмалар абдан көп.
Сүйлөөгө түрткү берүүчү ыкмалар:
- “Жооп күтүү” техникасы. Бала менен сүйлөшкөндө бир аз тыныгуу жасап, анын жооп берүүсүн күтүү (жардамсыз эле айтууга мүмкүнчүлүк берүү). Мисалы: Сууну көрсөтүп: “Бул эмне?” деп сурап, жооп күтүү.
- Таң калуу же туура эмес айтуу ыкмасы. Баланы сүйлөтүү үчүн атайын туура эмес бир нерсе айтыңыз. Мисалы: Итти көрсөтүп: “Мяу дейт!” десеңиз, бала оңдоп сүйлөшү мүмкүн.
- Тандоо берүү. Балага тандоо берүү сүйлөөгө түрткү болот: “Сүт ичесиңби же суу ичесиңби?” - деп эки вариант берип, бирин тандоого үндөө.
- Мүнөздөмө берүү. Бала бир нерсени айтпаса, сыпаттап берүү менен сүйлөөгө көмөктөшүңүз: “Бул кичинекей, кызыл, тоголок... Эмне болду экен?” (алма)
- Ымдап көрсөтүп сүйлөтүү. Баладан бир нерсе каалаганда сөз менен айтууну талап кылуу. Мисалы: “Суу десең, берем”, “Топту бер десең, аласың” — деп үндөө.
- Кайталоо оюнун ойноо (“Ким эмне кылат?”) Ит үрөт – “Ав-ав!”, мышык мыйоолойт – “Мяу-мяу!”, уй мөөрөйт – “Мууу!” деп үн чыгаруусун сурануу. Бул фонетикалык өнүгүү үчүн абдан маанилүү.
- Сүрөттөр менен иштөө. Ар кандай жаныбарлардын, оюнчуктардын сүрөтүн көрсөтүп, аттарын айттыртуу. “Бул эмне?”, “Ким бул?”, “Кайсынысы чоң?”, “Кайсынысы кичине?”, “Эмне жейт?”, “Каякта жашайт?” - деген суроолорду берүү.
Ооз моторикасын өнүктүрүүчү көнүгүүлөр. (дем алуу жана артикуляциялык көнүгүүлөр деп айтабыз). Тил, эрин, жаак булчуңдарын күчтөндүрүү аркылуу бала үн чыгарууну жеңил өздөштүрөт.
- Тилди жогору көтөрүү, ооз ичин айлантуу.
- Эрин шапылдатуу (буууу, пуууу).
- Шарик үйлөтүү, шам жагып өчүрүү.
- Соргуч менен шире ичүү, кичинекей нерселерди соргуч менен сордуруп көтөрүү.

- Мектеп курагына чейинки балдарга гаджеттерди бербей койсо болобу?
- Бала төрөлгөндөн 5 жашка чейин телефонсуз эле өнүгүшү керек. Бул куракта жандуу сүйлөшүү, кыймылдуу оюндар, сүрөт тартуу, конструктор кураштыруу сыяктуу аракеттер негизги стимул болушу керек.
Экрандан келген маалымат — бала үчүн пассивдүү кабыл алуу, ал эми жандуу маектешүү — “жандуу”, активдүү өнүгүү берет.
Бала тынч отурсун деп телефон карматуу — кыска мөөнөттө оңой көрүнүшү мүмкүн, бирок узак мөөнөттө чоң зыян алып келет (тил кечигүүсү, социалдык өнүгүүнүн жайлашы, кыжырдануу ж.б.). Мектепке чейинки баланы телефонсуз чоңойтуу эң туура жана баланын өнүгүүсүнө абдан чоң салым болот.