Эмил Өскөнбаев: 2021-жылкы Конституция Кыргызстандын тарыхындагы бурулуш учур болду

Интервью Загрузка... 05 Май 2025 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Конституциялык сот

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата “Кабар” агенттиги Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев менен маектешти. Анда ал 2021-жылдагы Негизги мыйзамдын маанисине, Конституциялык соттун тизгиндөө жана тең салмактуулук системасындагы орду, санариптештирүү жана жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу маселелерине токтолду.

2021-жылдагы Конституциянын Кыргыз Республикасынын тарыхындагы орду кандай?

Кыргыз Республикасынын тарыхында 2021-жылдагы Конституциянын маанисин өлкөнүн саясий системасындагы олуттуу өзгөрүүлөрдү чагылдырган бурулуш учур катары бааласа болот. Колдонуудагы Конституция – жөн гана юридикалык документ эмес, ал 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийинки саясий реалийлердин чагылышы. 15 жыл ичинде үчүнчү ирет нааразычылык акцияларынын натыйжасында бийлик алмашкан. Бул жаңы саясий элитанын консолидациясы жана анын өлкөнүн башкаруу системасына көз карашын бекемдөө болду.

Жаңы Конституция негизги демократиялык принциптерди жана адамдын фундаменталдуу укуктарын сактоо менен башкаруу системасын кыйла натыйжалуу куруу үчүн негиз түздү. Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө жаңыланган жоболор заман чакырыктарына жооп берет, бул инсанды укуктук жактан коргоону күчөттү.

Конституция сот бийлигинин көз карандысыздыгын олуттуу деңгээлде бекемдеп, жарандардын мыйзам чыгаруу процесстерине түз катышуусун шарттаган механизмдерди киргизди. Жаңы түзүлгөн кеңеш берүүчү түзүм – Элдик курултай идеологиялык биримдикти жана борборлоштурулган көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган аракеттерди чагылдырат.

2021-жылдагы Конституция – Кыргыз Республикасынын өнүгүү багытын кескин өзгөрткөн документ катары терең тарыхый мааниси бар. Ал парламенттик демократияны куруу аракетинен тартып, жоопкерчиликти, тартипти жана укуктук тартипти, оболу мамлекеттик бийлик системасынын ичинде аларды караган, борборлоштурулган президенттик башкарууга өтүүнү шарттады. Ошол эле учурда, бул демократиялык баалуулуктардан баш тартуу дегенди билдирбейт.

Конституциялык соттун Баш мыйзамды коргоодогу негизги ролу кандай?

Бул суроого жоопту Баш мыйзамдын биздин өлкөнүн жашоо-турмушундагы маанисинен баштагым келет.

Конституция – укуктук системанын өзөгү жана эң жогорку булагы болуп саналат жана эч бир мыйзам андан ажырым иштей албайт, эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана түздөн-түз колдонулат. Бардык жарандар жана уюмдар, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары укуктук нигилизмге жол бербестен, өлкөнүн Негизги мыйзамы катары баарынан мурда Конституцияны жетекчиликке алууга тийиш. Алар конституциялык баалуулуктардын призмасы аркылуу иштөөгө милдеттүү, анын эң жогорку баалуулугу болгон адам укуктары жана эркиндиктери унутта калбашы керек.

Ал эми Конституциялык соттун негизги ролу Баш мыйзамдын үстөмдүгүн жана өзгөрбөстүгүн кепилдөө болуп саналат. Ал өзүнүн чечимдери аркылуу аткаруу үчүн милдеттүү болгон, Конституциянын жоболорун чечмелейт, алар башка ченемдик укуктук актылардан артыкчылыкка ээ.

Конституциялык соттун чечимдери Конституциянын ченемдеринин “жандуу уландысы” болуп саналат — алар абстракттуу конституциялык принциптерге конкреттүү мазмуун берет, практикалык коллизияларды чечет, укук колдонуунун бирдейлигин камсыз кылат жана Кыргызстандын конституциялык укугунун андан аркы өнүгүү траекториясын аныктайт.

Конституциялык сот өзүнүн ыйгарым укуктары аркылуу мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана кемчиликтерди четтетүү, ошону менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүүдө жана жарандардын күнүмдүк жашоосун жеңилдетүү менен турмуштук маанилүү маселелерди чечүүдө конституциялык баалуулуктардын үстөмдүгүн гана эмес, укуктук мейкиндиктин биримдигин да камсыз кылат.

Конституциялык сот өндүрүшү бийликти бөлүштүрүү тутумунда жана мамлекеттик бутактардын жогорку органдарынын ортосундагы тизгиндөө механизминде бийликтин ар бир бутагы өз ишин Конституциянын жана мыйзамдардын чегинде гана жүзөгө ашыруусу үчүн негизги ролду ойнойт.

Ошентип, Конституциялык сот – Баш мыйзамдын «көзөмөлчүсү», ал анын күчүн, өзгөрбөстүгүн жана бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыздайт.

Конституциялык сот мамлекеттеги тизгиндөө жана тең салмактуулук системасында кандай орунду ээлейт?

Мындан мурунку суроого жооп берүүдө мен бул темага да азыраак токтолуп өттүм. Конституциялык сот – бийлик бутактарынын ортосундагы нейтралдуу арбитр. Анын чечимдери бийликтин топтолушуна жол бербөө жана жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылуу менен бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактарын Конституциянын чегинде болууга жардам берет. Мыйзамдардын Конституцияга ылайыктуулугун туруктуу текшерүүсүз бийликтин натыйжалуу тең салмактуулугу мүмкүн эмес, бул Конституциялык сотту бийлик бутактарынын ортосундагы мамилелерде тең салмактуулукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуунун негизги элементи кылат.

Арбитрдин милдетин аткарууда Конституциялык сот конкреттүү бир учурга жараша өзүнүн бардык ыйгарым укуктарын тигил же бул өлчөмдө колдоно алат. Алсак, конституциялык эмес ченемдер табылганда, алардын колдонулушун токтотот, иш жүзүндө мыйзам чыгаруу же аткаруу чечимдерине иш жүзүндө “вето” коюлат. Функциялардын так бөлүнүшүнө кепилдик берүү менен бийлик органдарынын ортосундагы чыр-чатактарды карайт: эч бир бутак конституциялык уруксатысыз башка бирөөнүн ыйгарым укуктарын өзүнө бөлүштүрө албайт.

Конституциялык ченемдердин маанисиндеги же масштабындагы ар кандай күмөн саноолор сот тарабынан Конституцияны расмий чечмелөө аркылуу чечилет. Бул айрым органдар тарабынан бийликти өзүм билемдик менен “кеңейтүүгө” жана башкалардын укуктарын “тарытууга” жол бербейт. Эгерде мыйзам чыгаруучу же аткаруучу “өзүнө тартууга” аракет кылса — башка бутактардын эсебинен өз ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө же конституциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө аракет кылса — Конституциялык сот юридикалык бөгөттөрдү коет. Муну менен бийликти узурпациялоого жол берилбейт жана бийлик органдарынын иштешине уруксат берилген алкактар сакталат.

Жарандар Конституциялык сотко кайрылуу укугун канчалык колдонуп жатышат? Укуктук аң-сезимдин өсүшү байкалуудабы?

Ооба, кайрылуулардын саны туруктуу өсүүдө. Барган сайын жарандар өздөрүнүн конституциялык укуктарын көбүрөөк колдонуп жатышат, бул укуктук аң – сезимдин деңгээли жогорулагандыгын жана Конституция абстракттуу документ эмес, укуктарды коргоонун реалдуу куралы экендигин түшүнүүнү билдирет.

2024-жылы Конституциялык сотко 118 кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинен 60 кайрылуу түздөн-түз ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун текшерүүгө байланышкан маселелерге тиешелүү болгон.

Бирок Конституциянын маңызын жана аны коргоо механизмдерин түшүнүү дагы эле өнүгүүнү талап кылаарын моюнга алуу керек. Биз агартуу иштерине чоң маани беребиз — ачык лекцияларды, ачык эшик күндөрүн өткөрөбүз, түшүндүрмө материалдарын чыгарабыз.

Конституциялык сот өндүрүшүнө кайрылууларды кабыл алуудан баш тартууга карата көбүрөөк орун алган негиздердин бири болуп алардын формасынын жана мазмунунун “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиги саналат.

Конституциялык сот бир нече жолу белгилегендей, Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүнүн жогорку деңгээлин ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугунун презумпция принцибин этибарга албай, ар бир адамдын ар кандай мыйзамды же мыйзам алдындагы актыны биринчи эле мүмкүнчүлүк болгондо талашууга ажыралгыс укугу катары кароого болбойт. Андыктан, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык мыйзамда өлкөнүн укуктук тутумунун турмушка жарамдуулугуна ар бир жолу шек келтирип, негиздүү жана айкын себептерсиз конституциялык өндүрүштү козгоого жол бербөө үчүн кайрылуунун формасына жана мазмунуна карата талаптар каралган.

Бирок талыкпаган агартуу иши жыл сайын көбүрөөк аудиторияны өзүнө камтууда, бул өзүнүн оң натыйжасын берип жатат жана өлкөнүн калкынын укуктук аң-сезиминин туруктуу өсүшү байкалууда, ал бизге кайрылуулардын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүндө түздөн-түз чагылат.

Бүгүн конституциялык сот кандай кыйынчылыктарга туш болууда?

Азыркы чакырыктар көп кырдуу. Бул санариптештирүү жана жасалма интеллекттин адамдардын жашоо-турмушуна тийгизген таасиринин күчөшү, трансчек аралык процесстер жана коомдун социалдык түзүлүшүнүн өзгөрүшү доорунда жеке маалыматтарды, жарандардын купуя жашоосун сактоо жана башка укуктарын коргоо маселелери. Сот үчүн базалык конституциялык орнотмолорду алардын чыныгы мазмунун бурмалабастан, замандын реалийлерине ылайыкташтыра билүү маанилүү. Мында тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө көптөгөн процесстердин ыктымалдуулугун түшүнүү керек.

—Коом үчүн соттун ачык-айкындыгын, санариптештирүүнү жана чечимдерге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатабы?

Ооба, бул биздин стратегиялык багыттарыбыздын бири. Биз электрондук сот өндүрүшүн киргизүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатабыз –бул кайрылууларды берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, иштерди кароону тездетүүгө жана сотту кыйла жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө биздин расмий сайтыбыздан иштерди кароонун жүрүшүнө көз салып, чечимдер жана аналитика менен таанышууга болот. Коомчулук үчүн ачык — айкындуулук маанилүү эталон болуп саналат жана биз аны мындан ары да бекемдөөгө ниеттенип жатабыз.

Ошондой эле, Конституциялык сотко санариптик форматта кайрылуулар келип түшө баштады – бул жаңы технологияларды сот өндүрүшүнө киргизүүдөгү оң көрүнүш. Алсак, ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуулардын жалпы санынан үч кайрылуу мамлекеттик органдардан электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу келип түшкөн. Мындан тышкары, жарандардан да санариптик форматта кайрылуулар келип түшө баштады.

— Жакынкы жылдары Конституциялык соттун өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыттар кайсылар деп ойлойсуз?

Негизги артыкчылыктардын арасында — сот курамынын көз карандысыздыгын жана кесипкөйлүгүн чыңдоо, иштерди кароо механизмдерин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, укуктук маданиятты агартуу иштери аркылуу жогорулатуу. Эл аралык кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруудабыз, конституциялык соттордун бирикмелерине катышуу — бул тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашууга шарт түзөт. Мындан тышкары, ички иштерди модернизациялоону улантуу маанилүү. Биз санариптик чечимдерди киргизүүнү, чечимдердин илимий-аналитикалык коштоосун өнүктүрүүнү, биздин корутундулардын юридикалык тилинин сапатын жогорулатуунун үстүнөн иштөөнү улантабыз. Мунун бардыгы бир гана максатты – ар бир жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн бекем укуктук негизди камсыздоо максатын көздөйт.

— Сиз Конституциянын сакчысы болгон органды жетектейсиз. Бул иште Сиз үчүн эң маанилүүсү жана эң татаалы эмнеде?

— Эң маанилүүсү — Конституциянын жана элдин алдындагы жоопкерчилик. Биз кабыл алган ар бир акт — жөн гана юридикалык текст эмес, бул биздин өлкөнүн тагдырына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон чечим. Биз мүмкүн болушунча так, адилеттүү жана калыс болушубуз керек. Эң татаалы – бул бийик планканы күн сайын сактоо менен өзүңдүн алдында жана коомдун алдында ачык, чынчыл болуу. Конституциялык соттун судьясы болуу мыйзамды билүү эле эмес, ага кызмат кылуу.

— Конституция күнүнө карата Кыргызстандын жарандарына Сиздин каалоо-тилектер?

Бул өзгөчө күнү мен бардык жарандарга чын жүрөгүмдөн жакшы каалоо-тилегимди билдиргим келет: Конституция ар бириңиздер үчүн жөн гана юридикалык документ эмес, ишенимдин, коргоонун жана адилеттүүлүктүн тиреги болсун. Өз укугуңуздарды билгиле, башкалардын укуктарын урматтагыла, мыйзамдуулукка жана жоопкерчиликке умтулгула — дал ушундай жол менен укуктук мамлекет түзүлөт.

Ар бириңизге тынчтык, туруктуулук, адилеттүүлүк жана өз өлкөбүз үчүн сыймыктануу каалайм. Баш мыйзамга болгон урмат биздин жалпы келечегибиздин бекем пайдубалы болсун! Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен!