Эми санитардык китепче “Түндүк” тиркемесинде жеткиликтүү болот

Ден соолук Загрузка... 17 Март 2026 15:44
medical_book.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө өлкөдө санариптик технологияларды колдонуу менен калкка көрсөтүлө турган кызматтарды жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу иштерин бирдиктүү система аркылуу жүргүзүү боюнча иштер улантылууда. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында эми жаңы реформаларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулмакчы. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги саламаттык сактоо тармагындагы санариптештирүү иштеринин алкагында санитардык китепчени санариптик форматка өткөрүү планы жана анын артыкчылыктары боюнча сөз кылат.

images

Жарандар кайсы гана документ болбосун зарылдыкка жараша жанында алып жүрүүсү керек болчу. Убакыт өткөн сайын заман талабына ылайык, алар четинен санариптештирилип, “Түндүк” мобилдик тиркемесине кошулууда. Эми санариптик форматка өткөрүлгөн документтердин катарын санитардык китепче толуктамакчы. Министрлер кабинети “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында бул реформаны жүргүзүүнү тиешелүү мекемелерге тапшырды. Ага ылайык, “Санарип клиника” системасына жана “Түндүк” мобилдик тиркемесине аталган документтин электрондук түрү интеграцияланат.

“Кабар” агенттигине “Түндүк” МУнун Санариптик саламаттык сактоо жана социалдык коргоо департаментинин директору Чыңгыз Бексултанов билдиргендей, учурда санитардык китепче толугу менен кагаз түрүндө.

Анын айтымында, аталган китепчени алыш үчүн жарандар бүгүнкү күндө тиешелүү мекемелерге 5 ирет барууга туура келет. Китепчени колуна алгыча баш-аягы 8 күн сарптайт. Ошондой эле документ үчүн 50-100 сомго чейин төлөйт.

WhatsApp Image 2026-03-17 at 08.19.20

Чыңгыз Бексултанов маалымдагандай, былтыр өлкөдө санитардык китепче алуу боюнча 121 миңден ашык медициналык кароо жүргүзүлгөн. Эгерде аталган документ санариптештирилсе, жарандардын 6 млн сомдон 12 млн сомго чейинки каражаты үнөмдөлөт деп пландалууда.

“Жарандарыбыз азыр санитардык китепчени алуу үчүн 5 мекемеге барат. Бул үчүн алар 8 жумушчу күнүн коротот. Биринчи кезекте эле Санитардык-эпидемиологиялык кызматка барып, кайсы бейтапканадан кандай кароолордон өтө тургандыгы боюнча маалымат алат. Мисалы, мугалимдер же кафеде иштеген кызматкерлер бейтапканага барып, ал жерден кароодон өтүп, лабораториялык анализдерди тапшырууга жолдомолорду алат. Андан кийин анализдерди берет. Санэпидемкызматка барып, “санитардык минимум” деп аталган санитардык нормалар боюнча окутуудан (инструктаж) өтөт. Ошондой эле бейтапканага кайра барып, документке бүт маалыматтарды топтогондугун тастыктаган мөөр бастырат. Ушул процесстерден кийин санитардык китепчени жаран иштеген жерине тапшырат. Эми “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын реформасынын алкагында санариптештирүү иштери жасалат. 100 күндүн ичинде биз санариптик китепчени алуу баскычтарын жана документтин өзүн электрондук вариантка өткөрөбүз”, - деди ал.

Чыңгыз Бексултановдун пикиринде, жарандар документти алуу үчүн короткон 8 күндү 4 күнгө чейин кыскартуу максаты коюлууда. Азыр жарандар китепчени алуу үчүн мекемелерге 5 ирет бара турган болсо, реформадан кийин эки гана жолу барып калат. Буга кызмат көрсөтүү процесстерин электрондоштуруунун аркасында жетишилмекчи.

WhatsApp Image 2026-03-17 at 12.23.59 (1)
“Реформанын алкагында аткарыла турган иштер жүзөгө ашырылганда, жарандар китепчени алууга 4 күн гана кетирет. Анда жарандар алгач бейтапканага барып, кароодон өтөт, электрондук жолдомо менен лабораторияга анализ тапшырат. Үч күн ичинде жыйынтыктар даяр болот. Анын жыйынтыгы автоматтык түрдө санариптик амбулатордук картага түшөт. Жарандар адистигине жараша тиркелген инструктажды окуп чыгып, таанышкандыгын тастыктоо баскычын басат. Ошондоо эле иш берүүчүнүн ИНН номерин көрсөтөт. Бейтапкана электрондук кол тамга койгондон кийин, санитардык китепче “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болот”, — деди ал.

Санитардык китепченин электрондук форматта болушу жарандар жана иш берүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Маселен, санитардык дарыгерлер тамактануучу жайларды текшерип барганда, электрондук реестрден эле карап, жумушчунун документинин бар же жогун биле алат.

3 ай ичинде ишке ашырыла турган реформа кандай артыкчылыктарга ээ?

  • Жарандар убактысын сарамжалдуу пайдаланат;
  • Каражат үнөмдөйт;
  • Мамлекеттик кызматтар жөнөкөйлөштүрүлөт;
  • Уюлдук телефондон эле документти көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.