Эми акча алмаштырууда паспорт сөзсүз талап кылынат

Коом 13 октябрь 2026 15:10
Эми акча алмаштырууда паспорт сөзсүз талап кылынат
copyright icon WWW

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Эми акча алмаштыруучу жайларда алмаштырылуучу сумманын көлөмүнө карабастан, кардарлар паспортун көрсөтүүгө милдеттүү. Бул тууралуу тиешелүү токтом Улуттук банк тарабынан 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, токтом кабыл алынган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.