Эмгек министри бюджеттин өсүшү, жумушсуздуктун азайышы жана жаңы колдоо чаралары жөнүндө айтып берди

Маек Загрузка... 07 Июль 2025 12:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров 2025-жылдын биринчи беш айында министрликтин негизги жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Ал бюджеттин кыйла көбөйүшү, Эмгек кодексинин жаңыртылышы, калкты иш менен камсыз кылуу жана социалдык колдоо боюнча долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы, ошондой эле эмгек мигранттарын жана майыптуулугу бар адамдарды колдоонун жаңы чаралары жөнүн кеп кылды. Мындан тышкары, министр өзүнүн маегинде жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу жана 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча комплекстүү мамиленин маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрликтин 2025-жылдын биринчи беш айындагы ишмердүүлүгү, анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдөгү жыйынтыктар жөнүндө айтып берсеңиз.

– Министрлик адамдын кадыр-баркын негиздеген эмгекти, адамдык капиталды өнүктүрүү, инклюзивдик социалдык коргоо системасын өркүндөтүү жана элге кам көрүү боюнча мамлекеттик саясат жүргүзүп келет. Бардык мамлекеттик милдеттемелер толук аткарылып жатат, ал эми социалдык коргоо механизмдери өркүндөтүлүүдө.
2020-2025-жылдар аралыгында министрликтин бюджети дээрлик 91%га өсүп, 10,8 млрд сомдон 20,7 млрд сомго жетти. Бул жарандардын социалдык корголушуна мамлекет тарабынан чоң көңүл бурулуп жатканын тастыктайт.

– Эмгек маселелери боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?

– 2025-жылдын январынан тартып Эмгек кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирди. Анда бөлүм жана беренелердин саны кыскартылып, түзүмү жөнөкөйлөтүлүп, заманбап формага келтирилди. Алыстан иштөө жана аралаш форматтагы иш формалары киргизилди. Ошондой эле майыптуулугу бар жарандар жана интернат мекемелерин бүтүргөн жаштар үчүн жумушка орноштуруу боюнча 3% квота киргизилди (35 кызматкерден жогору штаты бар уюмдарда). Эмгек мамилелерин санариптештирүү иштери жүрүүдө – электрондук эмгек келишимдери жана эмгек китепчелери үчүн концепция иштелип чыгууда. Бул өзгөрүүлөр жумушчулардын укуктарын коргоого жана эмгектин заманбап шарттарын түзүүгө багытталган.

– Калкты иш менен камсыз кылуу тармагында кандай ийгиликтер бар?

– Министрлик иш менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурат. Акыркы эки жылда жумушсуздуктун деңгээли 14,7%га төмөндөдү. 2025-жылдын июнь айына карата жумушсуздуктун деңгээли 1,7% түздү. Январь-май айларында 46,9 миң адам жумушсуз катары катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га аз. 5 ай ичинде 6 миңден ашуун жаран жумуш тапты, ал эми 7 миңден ашууну активдүү иш менен камсыздоо иш-чараларына тартылды.

7245b8d3-3e83-46a7-8ca4-b7e2ddd5f796.jpg

Жаштарга өзгөчө көңүл бурулууда – "Жаштар стажировкасы" долбоору жаштарга ай сайынкы стипендия менен кесиптик тажрыйба топтоого жана кийин жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берет.

"Социалдык контракт" долбоору кандай ишке ашууда?

– Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан ири жана маанилүү социалдык программалардын бири. Анын негизги максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү экономикалык жактан колдоо менен өз алдынча киреше табууга жол ачуу.

2022-2024-жылдар аралыгында бул демилге аркылуу 35 миңден ашуун үй-бүлө кайтарымсыз жардам алышты. Ал эми 2025-жылы долбоордун мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, бир үй-бүлөгө берилүүчү көмөктүн көлөмү 150 миң сомго чейин жогорулады. Бул жылы жалпысынан 13 334 үй-бүлө ар тараптуу колдоо алат деп пландалууда.

"Социалдык контракт" — бул жөн гана жардам берүү эмес, бул адамдарга өзүн-өзү камсыз кылуунун жолун көрсөтүүчү мүмкүнчүлүк. Колдоо алган жарандар мал чарбачылыгын, тигүү цехтерин, дыйканчылыкты же башка түрдөгү чакан бизнес башташып, өз алдынча акча табууну үйрөнүп жатышат. Ал тургай, ийгиликтүү катышуучуларга бизнесин кеңейтүү үчүн пайызсыз насыялар да берилүүдө.

79006c23-909d-4ce9-8215-4294af0bbe6b.jpg

Долбоордун натыйжалуулугун көргөзгөн мисал — жылдык кирешеси 1 миллион сомго жеткен жарандардын пайда болушу. Жакында эле Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына болгон иш сапарымдын алкагында ушул миллионерлер менен жеринде жолугуп, алардын жетишкендиктерине өз көзүм менен күбө болдум.

Мисалы, Ат-Башы районунун тургуну Дамира Турдалиева "социалдык контракт" аркылуу үч багытта ишин өнүктүрүп, жылдык кирешеси миллион сомдон ашкан.

Ал биринчи алган 100 миң сомуна наабайкана, кийин 200 миң пайызсыз насыя менен чакан ашкана ачкан. Ага кошумча "Ынтымак" эс алуу жана экотуризм үчүн жайкы эс алуу жайын уюштуруп, 10 жумуш ордун түзгөн. Жүргүзгөн үч багыттагы ишкерлигинен бир жыл ичинде миллиондон ашык киреше тапкан.

e55a6244-1640-44d3-8f20-c01dc1da1d18.jpg

Ишкер айым ишканасын дагы кеңейтип, сапаттуу тейлөөгө жана дагы жумуш оорундарын түзүүгө аракеттенип жатат.

Миллион сом тапкан жарандар — бул жөн гана статистика эмес, бул жарандардын талыкпаган эмгегинин жана мамлекеттин ишениминин жыйынтыгы. Алар башка жарандарга үлгү болуп, "мамлекет колдойт, ишенсең жана аракет кылсаң, сен да ийгиликке жетесиң" деген ишенимди жаратат.

Ошондуктан, "Социалдык контракт" — бул бир жолку жардам эмес, келечекти куруунун күчтүү куралы. Долбоор мындан ары да кеңейип, миңдеген жарандардын жашоосун өзгөртүүгө жардам берет деп ишенем.

– "Келечекке салым" долбоору тууралуу айтып берсеңиз.

– 2024-жылдын июль айынан тарта ата-энеси жок балдар үчүн 500 миң сом өлчөмүндө депозит ачылды. Бул каражатты балдар 18 жашка чыкканда билим алуу, саламаттыкты сактоо же ипотека үчүн баштапкы төлөм катары пайдалана алышат. Азыркы учурда 3 373 бала тизмеде турат жана алардын эсебине 544 млн сомдон ашык каражат которулган. Акчаны ийгиликтүү пайдалануунун алгачкы мисалдары бар. Мисалы, ушул жылдын январь айында бул төлөмдү Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча бир бала колдонду.

Атап айтканда, депозиттеги 1440 АКШ доллар акча каражатын Малазиядагы университетке 1-жылдык окуусунун контрактын төлөгөнгө алды.

– Эми "Бала береке" программасы тууралуу кеп кылсак.

– 2024-жылы президент тарабынан тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча жарлыкка кол коюлган.

Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "Бала береке" төлөмү бала 1 жашка толгондо берилип баштайт. Мисалы, 4 балага 100 миң сом, 7 балага 1 млн сом, 10унчу жана андан кийинки баласына 2 млн сомдон берилет

– Балдар менен иштеген социалдык кызматкерлер тууралуу эмне айтасыз?

– 2025-жылдын январында балдарга коштоочу социалдык кызмат көрсөтүү үчүн 550 штаттык бирдик киргизилди. Социалдык кызматкерлер үчүн окутуу тренингдери өткөрүлдү, жакын арада регионалдык башкармалыктар балдарды социалдык коштоого ала башташат. Бул балдардын укуктарын коргоодо жана аларды колдоодо маанилүү кадам.

– Майыптыгы бар адамдарга кандай кызматтар көрсөтүлүүдө?

– Майыптуулугу бар адамдарды социалдык жактан коргоо – артыкчылыктуу багыттардын бири. 2024-жылы мамлекет тарабынан бирөөнүн кароосуна жана көзөмөлүнө муктаж майыптыгы бар балдар жеке ассистент кызматы менен камсыз кылынып, ай сайын берилүүчү жардамдын өлчөмү дээрлик 23%га жогорулатылган (6268 сомдон 7681 сомго). 2025-жылдын 1-майына карата бул кызматты 15 миңден ашык адам колдонууда. Бишкек шаарында 100 орундуу “Келечек” реабилитациялык борбору иштеп жатат, ал жерде балдар реабилитациядан өтүп, ата-энелерге да билим берилет.

– Медико-социалдык экспертиза комиссиясынын (МСЭК) иши тууралуу айтып берсеңиз.

– Министрлик майыптыкты аныктоо ыкмаларын эл аралык стандарттарга/нормаларга ылайык өзгөртүүдө.

Жыл сайын Эмгек министрлигине караштуу медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынын майыптуулук боюнча маалымкатын 55 миңге жакын жаран алып келет.

Жарандар мурун бул маалымкатты алуу үчүн татаалдашкан этаптардан өтүп, тиешелүү документтерин кагаз түрүндө өздөрү тапшырып келишкен.

Бул көйгөйдү чечүү максатында министрлер кабинети маалымкаттарды ведомство аралык макулдашуу жана берүү процессин электрондук форматка өткөрүү боюнча чечим кабыл алган.

Өкмөттүк акселераторлор реформасынын алкагында аталган маселени 100 күндүк мөөнөттө чечүү талабы коюлган.

2025-жылы медициналык-социалдык экспертиза чөйрөсүндө бюрократиядан арылтуу милдеттеринин жана жүргүзүлгөн оптимизациянын алкагында майыптуулук боюнча маалымкатты "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.

– Миграция тармагында кандай иштер жүрүүдө?

– Миграция – артыкчылыктуу багыт. 2025-жылдын биринчи беш айында 128 миңден ашуун адам консультациялык жардам алды, 9 миңден ашык адамды атайын окуулардан өткөрүп, алардын чет өлкөлөрдө коопсуз иштеп келүүсүнө жардам бердик. 2022-2025-жылдары жалпысынан алганда 60 миңден ашык жарандын чет өлкөдө иштөөсү үчүн социалдык кепилдиктери бар шарттар түзүлдү. Май айында Бишкек шаарында атайын миграцияга чейинки даярдоо жана окутуу борборун ачтык (Центр предвыездной ориентации и реинтеграции мигрантов).

Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарына кандай жардам көрсөтүлүүдө?
– Бүгүнкү күндө Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий Өкүлчүлүгү үзгүлтүксүз иш алып барууда. Аталган өкүлчүлүк кыргыз жарандарына укуктук, консультациялык жана мигранттарга документтерин легалдаштыруу маселелери боюнча көмөк көрсөтөт.

Мигранттар көп учурда эмгек келишимдери, эмгек акынын убагында төлөнбөгөндүгү же мыйзамдык нормалар боюнча түшүнбөстүктөргө туш болушат. Мындай учурда Өкүлчүлүк аларга тийиштүү мамлекеттик жана коомдук институттар менен байланышып, маселелерин чечүүгө көмөктөшөт. Маселен, 2025-жылдын алгачкы беш айында эле 175 жарандын эмгек акысы өндүрүлүп, жалпы 15,8 млн рубль кайтарылып берилди. Бул — жарандардын укугун коргоо боюнча системалуу иштин натыйжасы.

Өкүлчүлүктүн иши күнүнө 24 саат, жумасына 7 күн негизинде уюштурулган. Бул мигранттарга керектүү учурда, кайсы убакта болбосун жардам алууга шарт түзөт. Биздин максат — ар бир жарандын укугу жана коопсуздугу чет жерде да сакталуусуна жетишүү.

Министрлик мындан ары да миграция багытындагы кызматтарды жакшыртып, мекендештерибиздин мыйзамдуу, коопсуз жана туруктуу иштөөсүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантат.

– Келечекке кандай максаттарды коюп жатасыздар?

– Жыл башында өзүбүзгө көп жылдан бери чечилбей келген маселелерди чечүү боюнча так максаттарды койгонбуз. Айрым иштер тууралуу жогоруда токтолуп өттүм.

Келечекке карата маанилүү багыттардын бири — майыптыгы бар адамдар үчүн заманбап реабилитациялык борборлорду куруу. Бул демилге президенттин колдоосу менен ишке ашырылууда. Учурда эки борборду куруу боюнча жер тилкелерин тандоо, алгачкы долбоорлорду иштеп чыгуу, жабдуулар боюнча маселелер президенттин Иш башкармасы менен биргеликте каралып жатат.

Бул борборлор майыптыгы бар жарандар үчүн дүйнөлүк стандарттарга жооп берген комплекстүү кызматтарды көрсөтө турган жайлар болот. Медициналык жана социалдык реабилитация, ошондой эле абилитацияны камсыздап, адамдардын коомго толук кандуу аралашуусуна өбөлгө түзөт деп ишенем. Бул — ар бир жаран үчүн жеткиликтүү жана инклюзивдүү коомду курууга багытталган маанилүү кадам.

Мындан тышкары, калкка көрсөтүлгөн иштерди ыкчам жана сапаттуу көрсөтүү, кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу үчүн аймактык бөлүмдөрдүн материалдык-техникалык базасын чындоону пландаганбыз. Бул маселе деле оңунан чечилип баштады.

Учурда башкармалыктар 77 жаңы (Chevrolet Tracker) автоунаа менен камсыз болду.

Кудайым буюрса, быйыл 10 аймактык башкармалыктар үчүн жаңы заманбап имараттар курула баштайт.

Мына, апрель айында Кара-Кулжа айылында алгачкы имаратты курууну баштадык. Бул багытта иштер улантылууда.

– Быйыл Эмгек министрлигине 100 жыл толот. Бул жолду жана анын өлкө үчүн маанисин кандай баалайсыз?

– Акыркы жүз жылдын ичинде өлкө таасирдүү жолду басып өттү. 1925-жылдагы 34 трактористтен 247 миң персоналдык компьютери жана 4 миллиондон ашык интернет колдонуучулары бар заманбап санариптик экономикага чейин. Бүгүнкү күндө биздин министрлик 130 тармакта 4,1 миллиондон ашык адамдын эмгек мамилелерин жөнгө салат. Социалдык колдоо чаралары менен 1,7 миллиондон ашык жаран камтылган. Бул чоң прогресс.

66855e5d-9812-475e-835b-1aeee8e3de05.jpg

Биринчиден, социалдык прогресс – бул кирешенин өсүшү, негизги жана адистештирилген кызматтардын жеткиликтүүлүгү, ошондой эле турмуштун татаал учурларында мамлекеттик кепилдиктер. Министрликтин тарыхы элибиздин тарыхын, эмгегин, адилеттүүлүккө, ынтымакка умтулуусун чагылдырат.

– Министрликтин 100 жылдыгына кандай иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатасыздар?

2025-жылы Министрликтин 100 жылдык мааракесине карата бир катар юбилейлик иш-чараларды даярдап жатабыз. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, ага көрүнүктүү инсандарды камтыган, эмгек сиңирген адистер тартылды.

Иш-чаралардын алкагында министрликтин тарыхын жана мамлекеттин өнүгүшүндөгү ордун чагылдырган китеп чыгаруу, тарыхый видеотасма тартуу пландалууда. Негизги мааракелик салтанат 19-октябрда — Социалдык кызматкерлер күнүнө карата, өлкө жетекчилигинин катышуусунда өтөт деп күтүлүүдө.

Бул дата — жөн гана өткөндү эскерүү эмес, социалдык тармактын ролуна коомдук баа берүү жана адилеттүү, туруктуу келечекти курууга жаңы дем берүүчү учур деп эсептейбиз. Ошондуктан, бул маанилүү этапка салым кошууну каалаган ар бир адамды мааракеге активдүү катышууга чакырабыз.

Мына жакынкы арада өлкө башчыбыз 2030-жылга чейинки Улуттук программаны бекитип берди.

Бул программада учурдагы өсүү темпин тездетип, калктын татыктуу жашоосу, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн негизги багыттары так аныкталган. Аларды ишке ашыруу үчүн бардык ресурстар мобилизацияланат.

"Ырыс алды ынтымак" демекчи учурдан пайдаланып, бардык кызыктар тараптарды өлкөбүздүн маанилүү документтин биргеликте ишке ашырууга чакырып кетем.