“Электрондук балык уулоо" системасына балык уулоо лимиттери киргизилди

Коом Загрузка... 02 Апрель 2026 11:20
69c9147c259cf_.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. 1-апрелден тартып Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан спорттук-ышкыбоздук балык уулоо үчүн лимиттер “Электрондук балык уулоо" системасына киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, аталган система аркылуу дарыя османы, Амударыя жилингири жана Ысык-Көл жилингири сыяктуу баалуу балык түрлөрүнө уруксат берилет.

Балык уулоо карточкаларын алуу министрликтин расмий сайтынын кызматтар бөлүмүнүн https://rb.agro.gov.kg/ парталы жана MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.