Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. IV Элдик курултайда мурдагыдай бир жерге чогулуп алып көйгөйлөрдү айта бербей, делегаттарды секцияларга бөлүп, ошол жерде талкуулар болуп, жыйынтык чыгарылып бийликке сунуштар берилсе деген ойдобуз. Мындай пикирин "Элдик курултай" кыймылынын лидери Кубанычбек Дүйшеев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда кабыл алынган “Элдик курултай жөнүндө” Конституциялык мыйзам дагы өзүнүн деңгээлине жете элек бирок, кадамдап алдыга жылууда.
“Белгилүү болгондой 20-30 жылдан бери курултайды мыйзамдаштыруу аракети менен жүрдүк. Эми тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, IV Элдик курултай өткөргөнү турабыз. Курултайдын келечегинен үмүт өтө чоң. Эл курултай аркылуу биригет, өзүн-өзү жолго салат. Себеби, курултай биздин каныбызда бар, ата-бабаларыбыз канча доордо жашап, жок болуп кетүү коркунучунда турган учурда да өзүн сактап калган. Азыр да жергиликтүү деңгээлдеги көп маселени курултай аркылуу эле чечип алсак болот. Курултай элдин колундагы жоопкерчиликти сурап алуу механизми”,- деди Дүйшеев.

Тарыхта белгилүү болгондой, кыргыздар көчмөн эл болуп көпчүлүк учурда туруктуу бийлик органы болбогондуктан, эзелтеден эле ар кыл маселелер боюнча курултай өткөрүп келишкен. Ошол өткөрүлгөн курултайлардын негизинде мыйзамдарды, эрежелерди кабыл алышып, эл аралык маселелерден тартып, чарбалык иштерге чейин карашкан.
2024-жылы октябрь айында Бишкекте өткөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Элдик курултай. Тарых сабактары жана келечек” темасындагы илимий-практикалык конференциядагы президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунда бир мисал да келтирилген. Алсак, 1922-жылы 4-июнда “Тоолуу Кыргыз автоном облусун” түзүү үчүн чакырылган жыйынды Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов баштаган кыргыз интелигенциясы “Курултай” деп атоону сунуштаган экен.

Алгач Эгемендүү Кыргызстанда 1992-жылы 30-августта кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк Биринчи курултайы болгон. 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 52-беренесинде Элдик курултай жөнүндө жобо белгиленген. Анда “Кыргызстандын эли коомдук, мамлекеттик маанилүү иштер боюнча элдик курултай өткөргөнгө укугу бар” деп жазылган. Бирок, Элдик курултайдын мыйзамы кабыл алынган эмес.
Биринчи ирет 2021-жылдын 5-майында КР Конституциясы кабыл алынып, анын 7, 70, 85, 96-беренелерине Элдик курултай жөнүндө жоболор киргизилген жана анын макамы, функциясы аныкталган. Жогорку Кеңеш 2023-жылдын июнь айында “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамды кабыл алды. Элдик курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана жогорудагы конституциялык мыйзамдын негизинде ишке ашырылууда.
Биринчи Элдик курултай 2022-жылы конституциялык мыйзам жок болгондугуна байланыштуу президент бекиткен убактылуу жобонун негизинде өткөн. Мында бул курултайдын өтүүсүнө мыйзамсыз деп каршы болгондор болгону менен курултай өткөн.

Өткөн жылы III Элдик курултайдын алдында парламент “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке каккан. Бул долбоордо делегат курултайды өткөрүү мезгилине гана эмес, бир жылдык мөөнөткө шайлансын деген сунуш жазылган. Ошондой эле Улуттук Кеңешти курултайдын ишин коомдук негизде жүзөгө ашыруучу, жетектөөчү жана багыт берүүчү жумушчу органга айлантуу каралган. Анткени, учурдагы мыйзамда Элдик курултай - коомдун өнүгүү багыттары, коомду жана мамлекетти социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди чечүү, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо, жарандык коомду өнүктүрүү жана руханий-идеологиялык маселелер боюнча сунуштамаларды бере турган кеңешүүчү, байкоочу коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деп жазылган. Каршы добуш көп болуп, бул мыйзам долбоору кабыл алынган эмес. Учурунда айрым депутаттар Элдик курултайга Жогорку Кенештин функциялары ыйгарылып, кайталоо кетип баратканын айтып чыгышкан.

Ал эми чыныгы элдин өкүлдөрү курултайдын делегаттары экендигин буга чейинки үч элдик курултайдын делегаты Айбек Субанов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
"Курултайдын делегаттары өкүлчүлүктүү орган катары 12 ай бою элдин арасында болуп, элдин көйгөйүн билип турушат. Жогорку Кеңештин депутаттары булар мыйзам чыгаруучу орган. Алар да элдин өкүлдөрү бирок, депутаттар мыйзам жазып, ошол мыйзамдын аткарылышын карашат. Үч ай каникул убагында эл менен жолукпаса чыныгы элдин өкүлдөрү курултайдын делегаттары деп ойлойм. Экинчиден курултай мыйзамы башында бир жылдык мөөнөтү, укуктары менен жазылып, президентибиз жакшы ой менен баштап берген. Бирок, депутаттарда биз элдин өкүлүбүз деген кызганыч болдубу, бир күндө курултай өтүүчү убакта шайланасыңар, келип өзүңөрдүн сунуштарды, байкооңорду айтасыңар андан кийин мөөнөтүңөр бүтөт деп мыйзамга жазып койгон. Ошол себептен мыйзам чийки”, - деди Субанов.
Ошондой эле ал шайланып келе жаткан делегаттар эки күндүн ичинде айылындагы көйгөйүн берилген 3 мүнөттүн ичинде президентке айтып жетишүү менен алек болуп, мыйзамдуулук жагынан, мыйзамга өзгөртүү киргизүү жагынан аксап турганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров IV Элдик Курултайды өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Курултай 2025-жылдын 22-декабрында Бишкекте өтөт.
Жыйынтыктап айтсак, Элдик курултайдын мамлекеттик бийликке жардамчы, өнөктөш катары өлкөбүздө орду чоң. Жогорку Кеңеш менен Элдик курултай жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн шайкеш иштөөгө аракет кылуулары зарыл.