Элдик курултайдагы сунуш ишке ашып, Сузакта жаңы бала бакча ачылды

Аймак Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 13:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 27.07.26 /Кабар/. Сузак районунун Мундуз айылында 50 орундуу “Алтын уя” бала бакчасы курулуп, пайдаланууга берилди.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы бала бакчанын ачылышы менен айыл тургундарынын көйгөйлүү маселелеринин бири чечилди. Анда балдардын сапаттуу билим алып, тарбияланышы үчүн бардык шарттар түзүлдү. Ошондой эле, окуу-тарбия процесси мамлекеттик стандарттарга ылайык уюштурулган.

Бала бакча Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 11 миллион 100 миң сом каражат жумшалган.

Белгиленгендей, Кызыл-Туу айыл аймагында 32 миңден ашуун калк жашайт. Анын ичинен 4 миң 700дөн ашууну Мундуз айылынын тургундары. Акыркы жылдары калктын саны өсүп, бала бакчага болгон муктаждык жогорулаган. Буга чейин ата-энелер балдарын коңшу айылдардагы мектепке чейинки мекемелерге алып барууга аргасыз болуп келген.

Бул көйгөй IV Элдик курултайдын делегаты, Мундуз айылынын тургуну Абдыманап Исаков тарабынан көтөрүлгөн. Анын сунушу Элдик курултайдын катчылыгы тарабынан иш-чаралар планына киргизилген.